Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-3
Найман айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар " жөнүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери "жөнүндөгү белгиленген айылдык кеңештин компетенциясынын негизинде, айылдык кеңештин иш планы түзүлүп,бекитүү максатында Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Таировага жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Найман айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын № III-3 токтомуна тиркеме |
Найман айылдык кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн
Иш планы
№ | Аткаруучу иштердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарат | Ким бекитет |
1 | Найман айылдык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү | январь | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Айылдык кеңештин сессиясы |
2 | Найман айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2017-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү. | Январь, Февраль | Ш.Сапарова Б.Топчубаева Г.Каарова | Айылдык кеңештин сессиясы |
3 | Найман айыл өкмөтү боюнча 2016-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун угуу. | 1-кв | Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаева | Айылдык кеңештин сессиясы |
4 | Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн проектисин талкуулоо жана бекитүү.
| 1-кв, Февраль | Ш.Сапарова, ФЭБ башчы А.Балтабаев | Айылдык кеңештин сессиясы |
5 | Элди суу менен камсыз кылуу боюнча СООППВ нын жетекчисинин аткарып жаткан иштери боюнча
| 2-кв | СООППВ нын жетекчиси М.Жолдошев | Айылдык кеңештин сессиясы |
6 | Элдин бейпилдигин сактоо, диний экстремизмге каршы күрөшүү, билим берүү тармактарын жакшыртуу, жаш өспүрүмдөр арасында коомүдук тартипти сактоо, спортту өнүктүрүү максатында айылдарда жаштар арасында спорттук мелдештерди өнүктүрүү уюштуруу, калк арасында түшүндүрүрүү иштерин жүргүзүү.
| Ар дайым | ОПЦ, аксакалдар соту, имам, аялдар кеңеши, участкалык мидиция кызматкерлери, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагагсы | Айылдык кеңештин сессиясы |
7 | Найман айыл өкөтүнүн бардык айылдарында көктөндүрүү иштерин уюштуруу. | Март, апрель, май | Аппарат кызматкерлери, көчө комитеттери, айылдык кеңештин депутаттары | Айылдык кеңештин сессиясы |
8 | Мектептерде билим сапатын жана тарбиялык иштерди текшерүү | Ар дайым | Участкалык инспектор,мектеп администрациясы, туруктуу комиссинын төрагасы | Айылдык кеңештин сессиясы |
9 | Диний экстремизмге каршы күрөшүү. | Ар дайым | Участкалык милиция кызматкерлери, имамдар | Айылдык кеңештин сессиясы |
10 | Найман айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө отчетторду угуу. | Июль, август | Ш.Сапарова Б.Топчубаева Г.Каарова | Айылдык кеңештин сессиясы |
11 | Найман айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу. | Июль, август | Көчө комитеттер, депутаттар | Айылдык кеңештин сессиясы |
12 | Найман айыл өкмөтүнүн инфраструктурарасын жакшыртуу үстүндө иштөө жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө кошумча булактарды табу жолдорун издөө. | Ар дайым | Айыл өкмөтү, кирешелер боюнча башкы адис, айылдык кеңештин депутаттары | Айылдык кеңештин сессиясы |
13 | «Найман» балдар бакчасынын аткарып жаткан иштери боюнча жалпы текшерүү | август | Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Айылдык кеңештин сессиясы |
14 | 2017-2018-жаңы окуу жылына карата билим берүү тармактарынын даярдыгы. | Август, сентябрь | Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Айылдык кеңештин сессиясы |
15 | Найман айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн салыктардын барлык тиешелүү түрлөрү боюнча, кирешелер боюнча башкы адистин аткарган иштери тууралуу отчеттор. | 3-квартал | Кирешелер боюнча башкы адис | Айылдык кеңештин сессиясы |
16 | Айыл өкмөт башчысынын 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчету | ноябрь | Айыл өкмөтү | Айылдык кеңештин сессиясы |
17 | 2016-жылга карата кабыл алынган пландардын аткарылыштары жана алардын жыйынтыктап баа берүү. | 4-квартал | Айылдык кеңештин төрагасы | Айылдык кеңештин сессиясы |
Катчысынын м.а | К. Байбалаев |