Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-4
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017- жылдарга карата социалдык - экономикалык өнүгүү стратегия планы өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитүү
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Найман айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планын бекитүү боюнча айылдык кенештин кезексиз III сессиясында угузулду жана кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планы тиркемеге ылайык толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Найман айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № III -4 токтомуна тиркеме |
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүгүү стратегиясы
Найман айылы 2017-жыл
Мазмуну:
1. Кириш сөз
2. Найман айыл аймагынын учурдагы абалы
3. Айылдык аймактын паспорту
4. Элес
5. Найман айыл аймагынын 2013-2015- жылдарга өнүгүү программасынын планы
Кириш сөз
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы тездетилген экономикалык өcүштү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Программа Найман айылдык жергиликтүү кеңешинин токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясында” камтылган экономикалык өнүгүүсү жана элдин жашоо абалын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларында белгиленген 12 негизги багытка таянуу менен айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга, ж.б. экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Айыл аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп айыл чарба продукциялары,мал чарбасынан жана өнөр жайдан түшкөн продукция эсептелет.Негизги максаты айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүгө, мал чарбачылыгында малдардын башын артырууга эмес, алардын асылдуулугун артырууга, өндүрүлгөн продукцияларынын сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып кайра иштетүүгө жетишүү болуп эсептелет. Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички потенциалдарды ишке киргизүү менен сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү аркылуу ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштуруу жолу менен чечүүгө багытталат.
Ал эми, экинчи негизги багыт болуп эсептелген өнөр жайында болсо токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жаны өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү менен тоо кен тармагындагы айылдын болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кенири пайдалануу максатында сырткы жана ички инвестицияларды тартууга негизги күч багытталмакчы. Бул багытта, алдынкы технологиялар менен камсыздалган жаны ишканаларды курууга өзгөчө көнүл бурулмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге да ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөттүн негизги милдетеринин бири болуп калмакчы.
Социалдык тармакта 2017-жылга чейин калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаны жумушчу орундарды түзүүгө, айыл өкмөттүн аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоого ар тараптан чечкиндүү чараларды көрүү менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, аларга кесиптик багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чындоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулат. Өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына керектүү адистер менен камсыздоо үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барылат.
Ошондой эле, айыл өкмөттүн инфраструктураны жакшыртуу менен калкты байланыш кызматы менен тейлөөнү, ички жолдорду ондоо жана транспорт катнаштарын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо багытында натыйжалуу иш аракеттер көрүлмөкчү.Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Найман айыл өкмөтүндө 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруунун башкы багыттары болуп:
- айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу жана алардын көлөмүн арттыруу;
- кошумча өнөр жай ишканаларын ачуу менен бир катарда токтоп турган ишканаларды жандандыруу жана өнөр жай продукцияларынын көлөмүн көбөйтүүгө жетишүү;
- киреше булактарын көбөйтүү чараларын көрүү менен өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу менен кошумча жумушчу орундарды түзүүгө жетишүү;
- айылдардын инфраструктурасын (жол, таза суу менен жабдуу ж.б.), социалдык-маданий багыттагы обьектилердин иштөө шартарын жакшыртууга жетишүү;
- соода жана тейлөө маданиятынын жогорулатуунун чараларын көрүү;
- ички жана тышкы инвестицияларды тартуунун көлөмүн артыруу;
- эс алуучу жайларды инфраструктурасын жакшыртуу менен туризмди өнүктүрүү;
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбыялык иштердин жана балдардын билим денгээлин көтөрүүнүн чараларын көрүү;
- саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелеринин ишин жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу чараларын көрүү болуп эсептелмекчи.
Найман айыл аймагынын учурдагы абалы
1. Айыл чарба тармагында:
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарда экономикалык өнүгүүсүндөгү түпкүлүктүү багыт – бул кайрак айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу менен алардын көлөмүн арттыруу болуп эсептелет. Акыркы жылдарда жердин асылдуулугунун төмөндөшүнөн улам айылдын дыйкандары айыл чарба эгиндеринен мол түшүм ала албай келе жатат.
Сугат суу танкыс болгон эки айылда тамчылатып сугаруу методун колдонууну ишке ашыруу зарылдыгы келип чыкты.
Ошондой эле, теплица комплекстерин куруу менен калкты айыл чарба продукциялары менен жыл бою үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштерин колго алуу милдети турат.
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, сүт багытындагы фермердик чарбалардын санын көбөйтүү менен малдарды асылдаштыруу багытында иш жүргүзүү милдеттери турат. Калкты жумуртка менен камсыздоо үчүн 2013-2017жылдарда тоок фермаларын көбөйттүү зарылдыгы келип чыгууда. Мал чарбачылыгынан алынуучу продукциялардын көлөмүн арттырууда малдардын баш санын өстүрүүгө басым жасалбастан алардын асылдуулугун арттыруу, тоют базасын чындоо, малдардын ар түрдүү ооруларына каршы күрөшүү, жайыттарды рационалдуу пайдалануу милдети турат.
2013-2017-жылдарда төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү камсыздоого жетишүү милдети турат.
Найман айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-2017-жылдарда өндүрүлүүчү айыл чарба продукцияларынын өсүү көлөмдөрү:
№ | Аталышы | |||||||||||||||
Алынган жалпы дүң түшүм (тонна) | ||||||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014-ж | 2015-ж | +- | 2015-ж | 2016-ж | +- | 2016-ж | 2017-ж | +- | |||||
1 | Дан эгиндери | 147,7 | 148,4 | +0,7 | 148,4 | 149,1 | +0,7 | 149,1 | 149,8 | +0,7 | 149,8 | 150,5 | +0,7 | |||
2 | Жүгөрү дан | 44,2 | 44,4 | +0,2 | 44,4 | 44,6 | +0,2 | 44,6 | 44,8 | +0,2 | 44,2 | 45,0 | +0,2 | |||
16 |
| 50,0 | 50,2 | +0,2 | 50,2 | 50,4 | +0,2 | 50,4 | 50,2 | +0,2 | 50,6 | 50,8 | +0,2 | |||
Найман айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-2017-жылдарда малдардын баш санынын өсүү божомолу:
№ | Малдардын аталышы | малдардын баш саны, жылдар боюнча. | |||||||||||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014-ж | 2015-ж | + - | 2015-ж | 2016-ж | + - | 2016-ж | 2017-ж | + - | ||||||||||||
1 | Кара мал | 221,1 | 222,2 | +1,1 | 222,2 | 223,3 | +1,1 | 223,3 | 224,4 | +1,1 | 224,4 | 225,5 | +1,1 | ||||||||||
2 | Жылкылар | 10,05 | 10,1 | +0,05 | 10,1 | 10,15 | +0,05 | 10,15 | 10,2 | +0,05 | 10,2 | 10,25 | +0,05 | ||||||||||
3 | Кой-эчки | 1394,9 | 1401,8 | +6,9 | 1401,8 | 1408,8 | +6,9 | 1408,8 | 1415,8 | +7 | 1415,8 | 1422,8 | +7 | ||||||||||
4 | үй канаттуулары | 1344,6 | 1351,3 | +6,6 | 1351,3 | 1358,0 | +6,7 | 1358,0 | 1364,7 | +6,7 | 1364,7 | 1371,4 | +6,7 | ||||||||||
Ноокат районунун аймагында 2013-2017-жылдарда мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүү божомолу:
№ | Айылдык аймактын аталышы | Эт (тонна) | |||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014-ж | 2015-ж | + - | 2015-ж | 2016-ж | + - | 2016-ж | 2017-ж | + - | ||||
16 | Найман | 76 | 76,3 | +0,3 | 76,3 | 76,6 | +0,3 | 76,6 | 77,0 | +0,4 | 77,0 | 77,3 | +0,3 | ||
| |||||||||||||||
№ | Айылдык аймактын аталышы | Сүт (тонна) | |||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014ж | 2015-ж | + - | 2015-ж | 2016-ж | + - | 2016-ж | 2017-ж | + - | ||||
16 | Найман | 161 | 161,8 | +0,8 | 161,8 | 162,6 | +0,8 | 162,6 | 163,4 | +0,8 | 163,4 | 164,2 | +0,8 | ||
№ | Айылдык аймактын аталышы | Жумуртка (миң даана) | ||||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014-ж | 2015-ж | + - | 2015-ж | 2016-ж | + - | 2016-ж | 2017-ж | + - | |||||
16 | Найман | 108 | 108,5 | +0,5 | 108,5 | 109,0 | +0,5 | 109,0 | 109,5 | +0,5 | 109,5 | 110,0 | +0,5 | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
№ | Айылдык аймактын аталышы | Жүн (тонна) | ||||||||||||||
2013-ж | 2014-ж | + - | 2014-ж | 2015-ж | + - | 2015-ж | 2016-ж | + - | 2016-ж | 2017-ж | + - | |||||
16 | Найман | 9 | 9,04 | +0,04 | 9,04 | 9,1 | +0,04 | 9,1 | 9,14 | +0,04 | 9,14 | 9,18 | +0,04 | |||
2. Өнөр жай тармагында:
2013-2017-жылдардагы айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык программасынын өзөгүн тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын куруу менен кошумча жумушчу орундарды түзүү жана алардан түшкөн кирешелердин көлөмүн арттыруу аркылуу жергиликтүү бюджетте өзүн-өзү каржылоону жогорулатууга жетишүү болуп эсептелет.
Найман айыл өкмөтүнүн территориясындагы “Улуу тоо” сымап өндүрүүчү заводунан чыккан агарканы кайра иштетүү үчүн ички жана тышкы инвесторлорду тартуу зарыл.
Мындан тышкары өнөр жай багытында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан мөмө жемиштерди, сүттү, сок чыгаруучу цехтердин, кирпич чыгаруучу кичи ишкана, ЖБИ завод жана АБЗ завод куруу боюнча иштерди жандыруу максатында жеке ишкерлерди жана чет элдик донор уюмдарды тартуу милдети турат.
Иш-аракеттердин натыйжасында өнөр жай тармагында 2013-2017-жылдарда төмөнкүдөй натыйжага жетишүүгө болот:
| |||||||||||||||||||||||||||
3. Инвестиция тармагында:
Найман айыл өкмөтүндө 2013-2017-жылдар аралыгында донор уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүнөн кенири колдонуу менен ишканаларды ачууга кенири шарт түзүү менен социалдык обьектилердин шартын жакшыртууга жана чакан ишканаларды курууга багытталмакчы. 2013-жылы айыл өкмөттө инвестицияны тартуу көлөмү 6 млн сомду түзсө, бул көрсөткүч 2017-жылы 20 млн миң сомго жетээри болжолдонууда.
Мындан 2013-жылы 100 жумушчу орун түзүлсө, 2017-жылы бул көрсөткүчтү 3эсеге көбөйтүү милдети турат.
Найман айыл өкмөтүндө 2013-2017-жылдарга инвестиция тартуу боюнча божомолдор | |||||||||||||||
Аткарылган иштер же проекттер | Жалпысы 2013-жыл Факт | Жалпысы 2014-жыл божомол | Жалпысы 2015-жыл божомол | Жалпысы 2016-жыл божомол | Жалпысы 2017-жыл божомол | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы | Ички инвестиция | Тышкы инвестиция | Бардыгы | Ички инвестиция | Тышкы инвестиция | Бардыгы | Ички инвестиция | Тышкы инвестиция | Бардыгы | Ички инвестиция | Тышкы инвестиция | Бардыгы | Ички инвестиция | Тышкы инвестиция |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Найман | 10346 | 9986 | 360 | 10863 | 10485 | 378 | 11624 | 11219 | 404 | 12554 | 12117 | 437 | 13935 | 13450 | 485 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Инвестициялык долбоорлор:
№ | Долбоорлордун аталышы | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары жана көлөмү | Жалпы сметалык баасы | Жаңы жумуш орду | Аткарууга жооптуулар | |
Сырткы инв-ция | Ички инвестиция | ||||||
1 | Элди сугат суу менен камсыздоого скважинаны калыбына келтирүү | 2017-ж | 400 000с | 400 000с | 800 000 с | 15 | М.Жолдошов |
2 | 160 орундуу “Солнышко” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 2017-ж | 500 000 | 300 000с | 800 000с | 20 | К.Курбаналиева |
3 | “Улуу Тоо” толук эмес орт о мекте6ин капиталдык ремонттон өткөрүү | 2017-ж | 2149550 | 530 000с | 300000000 с | 20 | Г.Капарова |
4 | “Найман” орто мектебинин айнектерин пластик айнекке алмаштыруу | 2017-ж | 1500 000с | 100 000 | 160000000 с | 6 | Сатар у.А |
5 | “Менин кирешелүү чарбам” | 2017-ж | 1500 000 | - | 1500 000 с | 45 | Сатар у.А |
4. Киреше булактарын көбөйтүү тармагында:
Айылдык аймакта 2016-жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүбүз толду. Айыл өкмөт боюнча болгону бир ОсОО “Огнеупор” ишканасы иштеп келет. Ал ишкана чыгарган отко чыдамдуу кыштарды келишимдин негизинде Бишкек шаарына жөнөтүп турушкан, 2016-жылда кардарлардын жоктугунан продукция жакшы сатылбай калып жатат жана киреше бөлүгүн толтуруу өтө кыйын болууда. 2016-жылда кардарларды тартуу боюнча да иштер алып барылды. Андан сырткары ЖБИ заводу курулуп, лицензия алуу жумуштары жүргүзүлүүдө жана асфальт чыгаруучу завод куруу жумуштары жүргүзүлүүдө.
5. Инфраструктураны жакшыртуу багытында:
Ноокат районунун аймагында 2013-2017-жылдарда социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү негизги көнүл бурулуучу тармак - бул сырткы жана ички жолдорду калыбына келтирүү . Бул багытта 2015-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 сомго,2016-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 сомго жолдорго шагал төгүп, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2017-жылда 80 000 сомго кээ бир шагал төшөлбөгөн жолдорго төгүү каралууда.
Элди таза суу менен камсыздоо максатында 2014-жылда Борбордук Азия боюнча Суу Альянсы менен биргеликте 907 437 сомдук проектин негизинде жумуштар аткарылды, эл 70 пайыз суу менен камсыздалды жана 2017-жылда дагы проектилер өткөн,калган жумуштар аягына чыгарылат.Буюрса, Найман айыл өкмөтү 100 пайыз таза суу менен камсыздалат.Ал эми Улуу Тоо айылында мектептин ичине таза суу чыгаруу үчүн 96 000 сом акча каражаты каралды жана 2017-жыл ичинде аткарылуусу күтүлүүдө.
Найман айылында кичи базар ачуу максатында проектер түзүлүп, 120 000 сом акча каражаты ажыратылды, ушул жыл ичинде курулуп бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Ошондой эле жаңы аялдама куруу үчүн 26 000 сом, айылдын кире беришине стенддерди орнотуу үчүн 70 000 сом, айылдын ортосунан орун алган парктын айланасын тосууга 122 140 сом, музыкалык мектептин айланасын тосууга 64 000 сом Кыргызстан көчөсүндө балдар ойноочу аянтчаны кайрадан калыбына келтирүүгө 55 000 сом , маданият үйүнүн алдын стяжкалап, отургучтарды коюп жана четине фонарларды орнотууга 95 150 сом жана Найман айыл өкмөтүнүн алдын стяжкалоого 45000 сом акча каражаты ажыратылып, 2015-2016-жыл ичинде аткарылды.
2017-жылдын 1-январына карата Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн
ПАСПОРТУ
1. Найман айыл өкмөтүнүн паспорту
1.1. Аталышы: Найман айыл өкмөтү
1.2. Айыл өкмөтүнүн карамагына кирген калктуу конуштардын саны 1, калктын саны 2047 адам
к/н № | Негизги көрсөткүчтөр | Маалымат | |
1.3. | Административдик-географиялык жайгашуусу: | Найман айыл өкмөтү 1965 -жылы уюшулган. Ош облусунун Найман бөлүгүндө, ал эми Ноокат районунун Найман бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн курамына __1__ айыл кирет.
| |
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: | 30 км | ||
Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: | 40 км | ||
Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: | 1200 м | ||
|
| ||
1.4. | Аймагы, миң. кв. км менен | 1360 | |
|
| ||
1.5. | Калкы – жалпы адам саны | 2047 | |
анын ичинен: Эркектер - баары; | 937 | ||
Аялдар - баары; | 1110 | ||
анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| ||
0-6 жаш | 230 | ||
7-16 жаш | 369 | ||
16-60 жаш | 1274 | ||
60 жаштан жогору | 174 | ||
1.6. | Улуттук курамы, адам саны менен: |
| |
кыргыздар | 1904 | ||
өзбектер | 45 | ||
орустар | 70 | ||
украиндер | - | ||
немецтер | - | ||
татарлар | 20 | ||
уйгурлар | - | ||
дунгандар | - | ||
түрктөр | - | ||
тажиктер | 1 | ||
казахтар | 4 | ||
башка улуттар | 3 | ||
1.7. | Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлердин саны | 12 | |
Айыл өкмөттөрүнүн аппаратындагы кызматкерлердин саны |
| ||
1.8. | Коомдук бирикмелер: |
| |
Аксакалдар соту | 1 | ||
Коомдук профилактикалык борбор | 1 | ||
Укуктук тартипти коргоо кошундары | - | ||
Милицияга көмөктөшүүчү отряддар | 1 | ||
Аялдар комитети | 1 | ||
Бейөкмөт уюмдар: | - | ||
аялдар коомдук уюму | 1 | ||
адам укугун коргоо боюнча | - | ||
жана башкалар |
| ||
II. Калкты социалдык жактан коргоо
2.1 | Калктын социалдык жактан аярлуу катмардагыларынын саны, адам: |
|
категориялар боюнча |
| |
пенсионерлер | 105 | |
аз камсыздыгы боюнча пособие алуучулар | 45 | |
майыптар | 28 | |
а.и. майып балдар | 8 | |
эмгектин жана согуштун ветерандары | - | |
жалгыз бой-энелер/жалгыз бой-аталар | 10 | |
жумушсуздар (официалдуу катталгандар) | 370 |
III. Калкты жумуш менен камсыздоо
3.1 | Калктын орточо жылдык жумуш менен камсыздалуусу (миң. адам) |
|
анын ичинен: |
| |
экономика тармагында | - | |
балыкчылык, тоо-кен өнөр жайында | - | |
кайра иштетүүчү өнөр жайында; | - | |
айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасында; | - | |
транспорт жана байланыш тармагында; | - | |
соода, автоунаа оңдоо, тиричилик буюмдары жана жеке пайдалануучу буюмдарды жасоодо; | - | |
саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө | 10 | |
электр кубаттуулугун өндүрүү жана бөлүштүрүүдө | - | |
суу чарба тармагында | 50 | |
курулушта | - | |
мейманкана жана ресторандарда | - | |
финансылык ишмердүүлүктө | - | |
кыймылсыз мүлктөр менен операция жүргүзүү, ижарага берүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө | - | |
мамлекеттик башкаруу органдарында |
| |
билим берүү тармагында | 85 |
IV. Айыл өкмөттүн социалдык-маданий өнүгүүсү
4.1 | Билим берүү |
|
мектепке чейинки мекемелердин саны: | 2 | |
алардагы балдардын саны | 160 | |
Тарбиячылардын саны | 12 | |
|
| |
жалпы билим берүүчү мектептеринин саны: | 2 | |
Башталгыч | - | |
негизги | 1 | |
Орто | 1 | |
алардагы окуучулардын саны | 456 | |
мугалимдердин саны | 42 | |
|
| |
КТОЖдордун (ПТУ) саны: | - | |
алардагы окуучунун саны | - | |
Окутуучулардын саны | - | |
|
| |
4.2 | Саламаттыкты сактоо |
|
Медициналык мекемелердин саны: | - | |
Оорукана | - | |
үй-бүлөлүк медицина борбору | - | |
үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ГСВ) | 1 | |
Аптека | - | |
ооруканадагы керебет саны | - | |
дарыгерлердин саны, адам | 10 | |
кенже медицина кызматкерлеринин саны | 2 | |
орто медициналык персоналдын саны | 8 | |
ФАП | 1 | |
4.3 | Маданият тармагы |
|
маданият мекемелеринин саны: | 1 | |
маданият үйү | 1 | |
Китепканалар | 1 | |
Музейлер | - | |
Театрлар | - | |
Клубдар | 1 | |
эс алуу жайлары | - | |
жеке кызыкчылыктагы ийримдер | - | |
парк жана балдар аянтчалары | 1 | |
маданият кызматкерлеринин саны, адам | 3 | |
4.4
| Турак-жай фонду |
|
турак-жай фондунун жалпы аянты, миң кв. метр | 25956 | |
Анын ичинен; |
| |
жеке менчик турак-жай фонду | 25956 | |
мамлекеттик турак-жай фонду |
| |
коомдук турак-жай фонду | - | |
турак-жай курулуш кооперативи | - | |
бир адамга орточо туура келген жашаган турак-үйдүн жалпы аянты, кв.метр менен | - |
V. Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо
5.1 | Айыл, токой чарбасы, аңчылык жана балыкчылык |
|
-5.1.1
| Айыл чарбачылыгына багытталган жалпы жер аянты, га | 118 |
Жалпы айдоо аянты (га), | 58 | |
суулуу | 8 | |
кайрак | 50 | |
жалпы аянты: (га) |
| |
чөп орунду | - | |
жайыт | - | |
кен катмары | - | |
көп жылдык отургузулган дарактар (бакча) | - | |
Эшик алдындагы бакча участогу: (га) | 16 | |
мөмөлүү |
| |
жүзүмзарлар | - | |
бахча өсүмдүктөрү | - | |
Токойчулук фондунун жалпы жер аянты (га) | - | |
Аңчылыка ылайыкталган жалпы жер аянты (га) | - | |
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери | 50 | |
анын ичинен ижарага берилген жерлер | 50 | |
|
| |
Айыл чарба ишканалары: |
| |
токой чарбасы | - | |
айыл чарбасы | - | |
фермердик жана дыйкан чарбасынын продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар, жеке менчикти кошкондо | - | |
айыл чарба кооперативдери | - | |
кредиттик союздар | - | |
кредиттик портфелдин жалпы жыйынды көлөмү, млн.сом менен | - | |
Берилген кредиттердин өлчөмү, млн. сом. | - | |
| - | |
5.1.2
| Продукция өндүрүү (түрлөрү жана натуралай) 2014-жыл ичинде | Продукциянын натуралай түрү (миң. тонна ) |
Өсүмдүк продукцияларын өндүрүү (миң. тонна) |
| |
дан азыгы | 556 | |
кант кызылчасы | - | |
картошка | - | |
чийки-пахта | - | |
тамеки | - | |
жашылча | - | |
мөмө-жемиш | - | |
Мал чарбачылыгынын продукциясын өндүрүү |
| |
эт (союлган массасы) (миң. тонна) | 4,8 | |
сүт (миң. тонна) | 13,1 | |
жумуртка, (миң. даана) | 1100 | |
жүн (физикалык салмагы) (миң. тонна) | 6,8 | |
|
| |
5.1.3 | Айыл жана токой чарбасынын, аңчылык жана балыкчылык боюнча продукцияларын кайра иштетүүчү реалдуу ишканаларынын саны | Саны (бирдик менен)
|
Нан өндүрүүчү жана данды кайра иштетүүчү ишканалар (тегирмен жана бышыруучу) | - | |
Дан азыгын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Нан өндүрүүчү ишканалар | - | |
Мөмө, жемиш жана жашылчаны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Тери жана булгарыны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Арак, вино, пиво ичимдиктерин жана минералдык суусундуктарды чыгаруучу ишканалар | - | |
5.2 |
Өнөр жайы | Саны (бирдик менен) |
5.2.1 | Аракеттеги өнөр-жай ишканалар | - |
I. Тоо-кен өнөр жайы | - | |
Отун-энергетикасына пайдалуу кендерди казып алуу | - | |
Пайдалуу кендерди казып алуу, отун энергетикасынан башкасы | - | |
II. Кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Тамак-аш азыктарын өндүрүү, тамеки жана суусундуктарды кошкондо: | - | |
Текстиль жана тигүүчүлүк өндүрүшү | - | |
Тери, териден жасалган буюмдарды өндүрүү жана бут кийим өндүрүү | - | |
Жыгач иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүү | - | |
Нефти продукциясын өндүрүү | - | |
Целлюлозалык-кагаз өндүрүү: | - | |
басмакана өндүрүшү | - | |
Химиялык өндүрүш: | - | |
Пластмасса жана резина буюмдарын өндүрүү | - | |
Металл эмес башка минералдык продукцияларды өндүрүү | - | |
Металлургиялык өндүрүш жана даяр металл буюмдарын өндүрүү | - | |
Машина жана анын жабдыктарын өндүрүү | - | |
Электр жабдыктарын өндүрүү; | - | |
Электрондук жана оптикалык: | - | |
Өнөр-жайдын башка тармактары | 2 | |
|
| |
5.3 | Туризм, соода, соода-өндүрүү ишмердүүлүгү, үй-тиричиликти тейлөө (кызмат көрсөтүү чөйрөсү) | Саны (бирдик менен) |
5.3.1
| Аракеттеги туризм ишканасы жана анын кызмат көрсөтүү чөйрөсү | - |
Туризм ишканалары: | - | |
мейманкана | - | |
санатордук-курорттук мекемелер | - | |
соода ишканалары | - | |
соода-өндүрүш ишканалары (коомдук тамактануучу жайлар) | - | |
автоунаа транспорту менен жүк ташуу ишканасы | - | |
жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалары | - |
5. Найман айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүгүү программасынын планы
п | Иш чаралардын аталышы | Керектелүүчү акча каражат(болжолдуу мин сом) | Каражат булагы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучуулар | эскертме | ||||||||||||||
2015-ж | 2016-ж | 2017-ж |
| ||||||||||||||||||
I ЭКОНОМИКА ТАРМАГЫ
| |||||||||||||||||||||
1.1 Айыл чарба тармагы | |||||||||||||||||||||
1 | Пайдаланылбай жаткан кайрак айдоо аянттарын кыскартуу |
160 000 с | Элдик салым 160 000 с |
30 000 с |
30 000 с |
50 000с |
| Айдоо жерлерди эффективдүү пайдаланууну жогорулатат, айыл чарба продукцияларынын көлөмүн өстүрөт |
Найман а.ө |
| |||||||||||
1.2 Өнөр жай тармагы | |||||||||||||||||||||
1 | Найман айылынын батыш көчөсүндө ЖБИ заводун куруп, ишке киргизүү | 8 млн сом | Жеке ишкер 8 млн сом |
| 8 млн сом | 8 млн сом |
| Найман айылынын жаштары жумуш орундары менен камсыздалат, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт, айылдын инфраструктурасы жакшырат,соц.экономикалык обьектилерди оңдоо жумуштары көбөйөт. | Жеке ишкер |
| |||||||||||
2 | Ош шаарындагы Каратай участкасынан Найман айылына АБЗ заводун көчүрүп келип, ишке киргизүү | 1 млн 500 миң сом | Ош-Сарыташ-Эркештам ишканасы 1 млн 500 миң сом | 1 млн 500 миң сом |
|
|
| Найман айылынын жаштары жумуш орундары менен камсыздалат, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт, айылдын инфраструктурасы жакшырат,соц.экономикалык обьектилерди оңдоо жумуштары көбөйөт. | Ош-Сарыташ-Эркештам ишканасы |
| |||||||||||
3 | Улуу Тоо айылындагы агарканы кайра иштетүүчү ишкана куруу | 5 млн сом | Жеке ишкерлер 5 млн сом |
|
| 5 млн сом |
| Улуу Тоо айылынын жаштары жумуш орундары менен камсыздалат, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт, айылдын инфраструктурасы жакшырат,соц.экономикалык обьектилерди оңдоо жумуштары көбөйөт | Жеке ишкерлер |
| |||||||||||
1.3 Орто жана чакан бизнес | |||||||||||||||||||||
1 | Найман айылына 30 орундуу ашкана ачуу | 500 000 с | Демөөр чүлөрд үн салымы 500 000с |
|
| 500 000с |
| Элди маданий тейлөө жакшы рат
| Жеке ишкер |
| |||||||||||
2 | Найман суу сактагычы нын пляжына оңдоо иштерин жүргүзүү | 175 000 с | Демөөр чүлөр салымы 175 000 с |
|
| 175 000с |
| Найман суу сактагычындагы пляжда элдердин дем алуусуна шарт жакшы рат
| Жеке ишкер |
| |||||||||||
3 | Найман айылына кичи базарды ишке киргизүү | 130 000 с | Ж.б 120 000 с, демөөрчүлөр 130 000 с |
|
| 130 000 с |
| Элдердин күндөлүк керектөөчү продуктулары, буюмдары сатыкка чыгат, базар жакын болот, жол акысы үнөмдөлөт, эл жумуш менен камсыздалат. | Найман а.ө |
| |||||||||||
4 | Найман айылында алма ширесин чыгаруучу кичи ишкана ачуу | 3 млн 170 миң сом | Жеке ишкерлер 3 млн 170 миң сом |
|
| 3 млн 170 миң сом |
| Эл жумуш менен камсыздалат, элдин мөмө жемиштери оңой сатылат,киреше бөлүгү жогорулап,айылдын инфраструктурасы жакшырат. | Жеке ишкерлер |
| |||||||||||
5 | Найман айылында жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачуу | 2 млн сом | Жеке ишкерлер 2 млн сом |
|
| 2 млн сом |
| Эл жумуш менен камсыздалат, элдин кой,эчкилеринин жүндөрүн оңой сатат,киреше бөлүгү жогорулап,айылдын инфраструктурасы жакшырат. | Жеке ишкерлер |
| |||||||||||
6 | Найман суу сактагычынын жээгинде “Солнечная долина” балык чарбачылыгын өндүрүү менен турбаза ачуу | 5 млн 720 миң сом | Жеке ишкерлер 5 млн 720 миң сом |
|
| 5 млн 720 миң сом |
| Эл жумуш менен камсыздалат, элдин маданий эс алуусуна шарт түзүлөт, туризм өнүгөт,киреше бөлүгү жогорулап,айылдын инфраструктурасы жакшырат. | Жеке ишкерлер |
| |||||||||||
II Социалдык тармагы | |||||||||||||||||||||
2.1 Билим берүү | |||||||||||||||||||||
2.1.1 Мектепке чейин билим берүү
| |||||||||||||||||||||
1. | Эки этаждуу эски «Солнышко» 160 орундуу балдар бакчасын кап.ремонт тон өткөрүү | 1млн 300 мин сом | ПРООН 1 млн, ж.б 300 мин |
|
| 1 млн 300 мин |
| Айылдагы балдар дын заманбап имараттарда тарбияланып, билим алуусу жакшырат
| Найман а.ө |
| |||||||||||
2.1.2 Мектептеги билим берүү
| |||||||||||||||||||||
1 | Улуу Тоо айылына жаны 100 орундуу мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү | 2млн 679 мин 550 сом | Р.б 2 млн 149 мин сом |
|
| 2млн 679 мин |
| Айылдагы балдар дын заманбап мектепте окуусу жана билим алуусу жакшырат
| Найман а.ө |
| |||||||||||
2 | “Найман” орто мектебинин айнектерин капиталдык ремонттон өткөрүү | 1 млн 300 сом | АРИС 1 млн 300 сом |
|
| 1 млн 300 сом |
| Айылдагы балдар дын заманбап мектепте окуусу жана билим алуусу жакшырат
| Найман а.ө Мектеп адм. |
| |||||||||||
2.2 Саламаттыкты сактоо | |||||||||||||||||||||
1 | Найман айылындагы суу резервуарын тосуу | 65000 сом | Ж.б 65 000 сом,
|
|
| 65000 с |
| 1700 адам таза суу менен камсыздалат.Элдин ден соолугу чыңалат, ар түрдүү ооруулардын алдын алуу колго алынат | Найман а.о, СООППВ “Найман- таза суу” |
| |||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||
2.3Маданият тармагы | |||||||||||||||||||||
1 | Жаштар үчүн кичи футбол аянтчаны ачуу | 1500 000 сом | АРИС 1500 000 сом |
|
| 1500 000 сом |
| Жаштар арасында кылмыштуулук азаят, ден соолугу жакшырат | Найман а.ө Жаштар комитети |
| |||||||||||
2.4 Инфракструктура | |||||||||||||||||||||
1 | Найман айылындагы парктын дарбазасын жана арка куруу | 82 000 с | Ж.б 82000 с
|
| 82000 с |
|
| Айылдын инфраструктурасы жакшырат, элдердин дем алуусуна шарт түзүлөт. | Найман а.ө |
| |||||||||||
4 | Найман айылындагы Жаңы Конуш көчөсүндөгү мектепке кеткен 400 м жолго асфальт төшөө | 3 млн 500 миң сом | АБЗ заводу 3 млн 500 миң сом |
|
| 3 млн 500 миң сом |
| Айылдын инфраструктурасы жакшырат, окуучулардын мектепке каттосу жеңилдейт, жаан-чачында сабактан калбай билим алуусуна шарт түзүлөт | Жеке ишкерлер Найман а.ө |
| |||||||||||
5 | Найман айыл аймагы боюнча айлана –чөйрөнү көрктөндүрүү | 70 000 сом | ООН Женщины 50 000 сом, Жерг.бюд 20 000 с |
|
| 70 000 с |
| Айылдын инфраструктурасы жакшырат,айлана –чөйрө көрк берип, элдердин эс алуусуна шарт түзүлөт | Токой чарбачылыгы Наймана.ө |
| |||||||||||
КОРУТУНДУ
Найман айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдардагы приоритеттуу багыттары боюнча иштелип чыккан комплекстуу иш-аракеттерин турмушка ашырууда экономиканын реалдуу секторунун бардык каналдарында өсүү камсыздалат.
Өнөр жай тармагынын өсүшүнүн негизги булагы болуп иштеп жаткан базалык ишканалардын эффективдүү иштөөсү, токтоп калган ишканалардын кайра өз калыбына келтирилиши, жаны ишканалардын ишке кириши жана калктын чакан жана орто ишкердигинин активдешүүсү болуп саналат.
Айыл чарба тармагында чарбалык субьектилерин ирилештирилиши жана жер ресурстарын иштетүүсүн жакшыртуу, майда товар өндүрүшүнүн санын кыскартуу менен айыл чарбасында жаңы технологияларды киргизүү, малдардын баш санын артыруу менен алардын продуктуулугун жогорулатуунун эсебинен айыл чарба өндүрүшүндө өсүү темпи кыйла жогоруламакчы.
Талап кылуу рыногунда да соода түйүндөрүн көбөйтүү, товар алмашуусунун активдешүүсү, жеке ишкердүүлүктүн өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүү, административдик барьерлерден арылуу, акылай кызмат көрсөтүү сферасын көбөйтүү жана жаны түрлөрүн өздөштүрүү менен чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү жана элге акылай кызмат көрсөтүү жогорулайт .
Чет өлкөлүк инвестицияларын тартуу экономика тармагына он таасирин тийгизет. Маданият, саламаттык сактоо жана билим берүү обектилерин, турак-жайлардын ишке киргизилиши социалдык инфраструктураны жакшыртат.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы | Р. Шамаева |