Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-5
БУУОПнын "Ош облусунун аймагын интеграциялык өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн айылдарды тандоо жана тандалган айылда жергиликтүү өнүгүү комитетин түзүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 8-февралында өткөрүлгөн жумушчу чогулушунда бекитилген критерийлерге карата баа берүүнүн негизинде, айылдарды тандоонун жыйынтыгы жана Найман айылынын жашоочуларынан жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамын шайлоо жөнүндө Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Найман айылдык кенешинин кезексиз сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Критерийдин негизинде Найман айыл өкмөтүндө бир эле айыл болгондуктан, Найман айылы БУУОПнын "Ош облусунун аймагын интеграциялык өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн максаттуу айыл деп табылсын.
2. Найман айылынын жашоочулары сунуштаган жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. БУУОПнын "Ош облусунун аймагын интеграциялык өнүктүрүү" программасынын алкагында тандалган айылды өнүктүрүү, натыйжалуу ишмердүүлүктү жүргүзүүнү уюштуруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет, экономика,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Найман айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № III -5 токтомуна тиркеме |
Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамы
1. К.Байбалаев – Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба,жерге жайгаштыруу боюнча адиси, комитеттин төрагасы
2. З.Токтоматова-Найман айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору, комитеттин мүчөсү
3. М.Кудайбердиев – Найман айылдык кенешинин депутаты, комитеттин мүчөсү
4. Г.Каарова- Найман айылдык кенешинин депутаты,комитеттин мүчөсү
5. А.Сатар уулу – “Найман” орто мектебинин директору, комитеттин мүчөсү
Жооптуу катчысынын м.а: | К. Байбалаев |