Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 4-4
Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдык акчасын бөлүштүрүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен 1-январына калган 1326,7 миң сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2017-жылдын 1-январына калган 1326,7 мин сом калдык акчасы төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнсүн (тиркеме тиркелет):
- Башкаруу аппаратына (701) - 52,2 миң сом
- ЖКХ бөлүмүнө (706) - 307,5 миң сом
- Билим берүү бөлүмүнө (709) - 900,0 миң сом
- Социалдык коргоо бөлүмүнө (710) - 67,0 миң сом
2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Тиркеме № 1 |
Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга калган калдык акча каражаты | |||
(миң сом) | |||
| Кирешелердин жыйынтыгы | 0,0 | |
1 | Башкаруу аппараты | 52,2 | |
2 | Резервдик фонд |
| |
3 | Коргонуу |
| |
4 | Коомдук тартипти сактоо |
| |
5 | Экономикалык маселелер |
| |
6 | Коммуналдык чарба | 307,5 | |
7 | Маданият |
| |
8 | Билим берүү | 900,0 | |
9 | Соц.коргоо | 67,0 | |
| Чыгашалардын жыйынтыгы | 1326,7 | |