Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 4-7
Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 281 , 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомунун 3-бөлүмүнүн 8-тиркемесине, 2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго, мыйзамдарга ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 67000 (алтымыш жети мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин. (тиркелет)
2. Найман айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн иш-чаралар менен иш алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Н.Балтабаевага жана ажыратылган акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Тиркеме № 1 |
Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга калган калдык акча каражаты | (миң сом) | |
№ | Кирешелердин жыйынтыгы | 0,0 |
1 | Башкаруу аппараты | 52,2 |
2 | Резервдик фонд | |
3 | Коргонуу | |
4 | Коомдук тартипти сактоо | |
5 | Экономикалык маселелер | |
6 | Коммуналдык чарба | 307,5 |
7 | Маданият | |
8 | Билим берүү | 900,0 |
9 | Соц.коргоо | 67,0 |
| Чыгашалардын жыйынтыгы | 1326,7 |