Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 4/2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Кара-Таш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 697,8 (алты жүз токсон жети миң сегиз жүз)сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2016-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |
| Тиркеме №1 |
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынын эсебинен 2017-жылга айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө №1 тиркеме
1 | 01.01.2017-жылга эсептик счетунда калган калдык | 697,8 |
2 | Кирешелердин жыйынтыгы: | 697,8 |
3 | Р-70111 аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар | 197,9 |
4 | Р-70491 башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер | 280,5 |
5 | Р-70629 Дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат корсотуулор | 107,0 |
6 | Р-70823 маданият жагындагы кызмат көрсөтүүлөр | 29,9 |
| Р-70921 Орто билим беруу | 82,5 |
7 | Чыгашалар жыйынтыгы: | 697,8 |
Жооптуу катчысы | А. Орунбаева |