Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 5/2
Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу
Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап айыл кеңеши
(А/ кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие чегерүү) жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу аткарылган иштер канааттандыраарлык деп белгиленсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилишин тактоо жана кээ бир кемчиликтерди эске алып, айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнун ишин жандандыруу иштери алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Б. Мамарасуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон жарандарга жөлөк пул берүү боюнча
МААЛЫМАТ
Кара-Таш айыл өкмөтү боюнча 2017 –жылга карата 143 аз камсыз болгон үй-булөлөргө айыл өкмөтү тарабынан социалдык паспорт толтурулуп, комиссия тарабынан жөлөк пул алууга чегерилген. 2017-жылга айыл өкмөтундөгу аз камсыз болгон уй-булөлөргө жөлөк пул чегеруу боюнча атайын айыл өкмөтунун буйругу чыгарылып комиссия курамы тузулгөн.
Комиссиянын төрагасы: айыл өкмөтунун башчысынын орун басары З.Маликов
Катчысы: айыл өкмөтунун соц кызматкери: Ж. Закирова
Мүчөлөру:
Айыл өкмөтунун юристи: А.Мамытов
Айыл башчы: Т.Маматкулов.
Айыл өкмөтунун МСК кызматкери: Ж.Калбаев.
Айыл өкмөтунун иш кагаздарын жургузуучу: М.Абдыкааров.
Айыл өкмөтунун райондук соц кызматкери: А.Жамантаева.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы «Аз камсыз болгон уй булөөлөргө жөлөк пул чегеруу жөнундөгу № 202 Жобосунун негизинде.
2017-жылдын январь айынан 2017-жылдын апрель айына чейин айыл өкмөтунун аймагындагы 143- аз камсыз болгон уй булөөлөргө социалдык паспорт толтурулуп комиссиянын чечими менен жөлөк пул алууга сунушталган Жөлөк пул алууга сунушталган комиссиянын протоколу Ноокат райондук социалдык өнугуу башкармалыгына тапшырылат. КР Жобосунун негизинде жолок пул айыл окмотунун аймагында жашаган уй-булөөлөргө гана берилет.Жөлөк пул алуунун эрежелеринин тиркемеси бар.
2017-жылдын январь айына комиссиянын чечими менен 28-дело.
Февраль айына - 42
Март айына- 33
Апрель айына- 40 дело комиссиянын чечими менен тапшырылган.
Бардыгы болуп 143 дело комиссиянын чечими менен өткөрулгөн.
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык кыматкери |
Ж. Закирова |