Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 73
Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган департаменттин директору К.Абдырахман уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №6-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган департаменттин директору К.Абдырахман уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) ипотекалык үйлөрдүн курулушун баштоону тездетүү жана ипотекадан түшкөн акча каражаттарынын депозиттеринин иштешин камсыздоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментине (К.Абдырахман уулу):
-жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелеринин резервин, жарандардын кезек иретин, ипотекага берилүүчү батирлер жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттары, сайттар аркылуу жарыялоо менен айкындуулукту камсыздоо;
-турак-жайларды курууда шаардын жогору карай өсүшүн камсыздоо, инвесторлорду тартуу менен шаардын чет жактарына жашоо (спальный) райондорун куруу боюнча иш жүргүзүү;
-иш кагаздары толук жана туура болгон, 2010-жылдын июнь окуяларынын жабырлануучуларына берилген батирлерди менчиктештирүүнү тездетүү;
-Ош шаарынын тургундарын жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо багытында жеке ишкерлер жана инвесторлор менен Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк мыйзамынын принциптеринин негизинде иштөөнү колго алуу сунушталсын.
4. Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан жарандардын арыздарын, кайрылууларын кароо Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлүшүн текшерүү үчүн курамына ар бир депутаттык фракциянын өкүлдөрү кирген депутаттык комиссия түзүлсүн.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |