Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 77
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №28-“Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 28-августундагы №28-токтому менен бекитилген Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Ш.Зулимовдун депутаттык ыйгарым укуктары токтогондугуна байланыштуу, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилип, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №28-токтомунун №1-“Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы” жөнүндөгү тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 23–майындагы кезектеги VIII сессиясынын № 77-токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын
КУРАМЫ
1. Ормонов Жапарбек – Ош шаардык Кеңешинин төрагасы,
Туратович комиссиянын төрагасы;
2. Каналиев Бактыбек - Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун
Эркинович басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Эргашева Апизакан – Ош шаардык Кеңешинин маалымат талдоо
Таштемировна бөлүмүнүн бөлүм башчысы, комиссиянын катчысы;
КОМИССИЯНЫН МүЧөЛөРү:
4. Батыров Акбарали Таштанович – Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын търагасы;
5.Осмонов Ашим Алымович – Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;
6. Камчы уулу Камил – «КСДП» фракциясынан депутат;
7.Маматалиева Саадат - Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси;
Капаровна
Аппарат жетекчи | С. Маматалиева |