Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 78
ОшТВ телерадиокомпаниясы жайгашкан имарат жана ага тиешелүү жер тилкесине жеңил типтеги студиянын курулушуна макулдук берүү жөнүндө
“ОшТВ” телерадиокомпаниясынын директору К.Калыкуловдун 2017-жылдын 17-апрелиндеги №54-телерадиокомпания жайгашкан имарат жана ага тиешелүү жер тилкесине жеңил типтеги студиянын курулушуна уруксат берүүнү сураган катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 11-майындагы №14-токтомун, Ош шаарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Супаналиев көчөсү №3 “Б” дарегиндеги административдик имаратты жана имаратка тиешелүү жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн “ОшТВ” телерадиокомпаниясы 5 (беш) жылга ижара акысынан бошотулсун.
2. Ош шаарынын Супаналиев көчөсү №3 “Б” дарегиндеги административдик имаратына тиешелүү жер тилкесине “ОшТВ” телерадиокомпаниясынын жеңил типтеги студиясын курууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (М.Маметов), шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) Ош шаарынын Супаналиев көчөсү №3 “Б” дарегиндеги административдик имаратына тиешелүү жер тилкесине “ОшТВ” телерадиокомпаниясынын жеңил типтеги студиясынын курулушуна тиешелүү көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |