Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 79
Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү № 157 дарегиндеги Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы 400 ч.м. жер тилкеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин медициналык-санитардык бөлүмүн курууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 30-мартындагы №107/08-4 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 11-майындагы №15-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү № 157 дарегиндеги Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы 400,0 ч.м. жер тилкеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин медициналык-санитардык бөлүмүн курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына (И.Кадыркулов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык жер тилкесинин максаттык багытына каршы келбеген имараттарды жана курулуш жайларды салуу, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарды, жерге болгон сервитуттарды сактоо жана жер тилкесине чектеш жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлеринин, пайдалануучулардын укуктарын сактоо милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (М.Маметов), шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) аталган жер тилкесине курулуш курууда курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, жер тилкесинин максаттык багытына каршы келбеген имараттарды жана курулуш жайларды салууну, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптардын, жерге болгон сервитуттарды сактоону жана жер тилкесине чектеш жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлеринин, пайдалануучулардын укуктарын сактоону көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |