Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 3- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-марты № 3/1
«Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча» комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун жана Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы №173 катынын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча» комиссиянын курамы төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
М. Макешов – Өзгөн шаарынын 1-вице-мэринин милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Р. Атаджанов – Өзгөн шаарынын вице-мэри,
Э. Нишанбаев – Өзгөн шаарынын башкы архитектору,
Б. Базарбаев – Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу,
Х. Эргешов – жарандык коомдун өкүлү,
М. Хоринов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
Й. Имьяминов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
А. Мамазаитов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
К. Моминов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
С. Маматкасимов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
А. Талипов - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |