Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезексиз 3- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-марты № 3/2
Өзгөн райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 3-мартындагы №11-361-17 каршылык билдирүү каты жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 3-мартындагы №11-361-17 катындагы каршылык билдирүүсүнө ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин 2017-жылдын 9-январындагы №1/2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |