Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезексиз 3- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-марты № 3/3
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз III сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин кезексиз III сессиясынын эсептөө комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.
Джалилов Азамжан Абдуллажанович - Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 2 « 9 » - март 2017-ж.
Күн тартибиндеги маселе:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо.
Күн тартибине киргизилген маселе боюнча сессиянын отурумунда 25 бюллетень депутаттарга таркатылып берилип, урна ачылгандан соң 25 бюллетень чыкты. Натыйжада:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талапкер Джалилов Азамжан Абдуллажанович 19 добуш алгандыгына байланыштуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасы болуп шайлансын.
Джалилов Азамжан Абдуллажанович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасы болуп шайланганы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинен суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы И. Дадажанов
мүчөлөрү А. Мамазайитов
Й. Имьяминов