Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 4- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 27-марты № 4/1
Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2017-жылга шаардын бюджетин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын отуруму «Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2017-жылга шаардын бюджетин бекитүү», 2018-2019-жылдарга долбоорун кароо маселе «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарын негизинде шаардык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 81870,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 80967,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2017-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы №214 «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга божомолу 78729,1 миң сом, 2019-жылга божомолу 83139,1 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Шаар мэриясына 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Шаардын бюджетине менчигинин түрүнө карабастан салык агенти төлөгөн киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөр 2017-жылда 50 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2017-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 7959,0 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 680,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаар мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 2018-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 600,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. 2017-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте калган 2388,2 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты тиркемеге ылайык каржылансын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 652,2 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
12. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу ж13.
13. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2015-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2016-жылга калган 2027,0 мин сом эркин калдыктын 1727,0 миң сому турак-жай чарбасына, 200,0 миң сому Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына, «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасына 100,0 миң сом, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен турак-жай чарбасына 6510,5 миң сом каржыланганы эсепке алынсын.
14. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2017-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
15. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
16. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
17. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
| № 1 тиркеме |
2017-жылга Өзгөн шаарынын бюджети
катар№ | Кирешелер | Суммасы |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 22635,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1550,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2150,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 26140,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1600,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 2750,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1300,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 5,6 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2450,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 6500,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 1750,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 150,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 5000,0 |
14 | Айып акылар |
|
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 73980,6 |
| Чыгашалар | миң сом |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 7279,0 |
2 | Шаар мэриясынын резервдик фонду | 680,0 |
3 | Турак-жай чарбасы | 48431,9 |
4 | Маданият бөлүмү | 1104,4 |
5 | Билим берүү бөлүмү | 11942,0 |
6 | Социалдык коргоо бөлүмү | 4543,3 |
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 73980,6 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 2 16 – март 2017-жыл.
Катышканы: – 7 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалилов, «Бюджет, салык жана экономика боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов,
Мүчөлөрү: депутаттар И.Мамадалиев, О. Каримов, А. Шарабидинов, Б. Мирзажанов, А.Артиков,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысы С. Сартбаев, орун басары Р.Мейматкулов,
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М.Макешев, вице-мэр Р.Атаджанов, МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев,
Өзгөн ШБББнүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов, башкы эсепчиси Р.Аширбаева,
Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын директору Х.Курбанов, башкы эсепчиси А. Тажимаматова,
Өзгөн шаардык маданият үйүнүн директору Д. Каримова,
КҮН ТАРТИБИ:
1 Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2017-жылга карата долбоорун жана 2018-2019-жылдарга карата болжолу.
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын 2017-жылдын 1-апрелинен ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине милдеттендирүү жөнүндөгү № 171 каты.
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаар аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы Кредиттик келишимге макулдук берүү жөнүндөгү № 177 каты.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика боюнча» туруктуу комиссиянын боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 3 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Бул Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2017-жылга карата долбоорун жана 2018-2019-жылдарга карата болжолу. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.Мейматкулов маалымат берип койсо.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.Мейматкулов: бизге каржы министрлиги тарабынан 2017-жылга карата жергиликтүү бюджет 73980,6 миң сом өлчөмүндө план коюлуп берилди. Силер берген шахматкадагы акчаны биз тактап мекемелердин тийиштүү тиркеме расчетторун алдык. Мекемелер боюнча айта кетсем шаардык БББнүн электр энергиясына каралган 1725,0 миң сом акча каражаты жетебикен биз тактап алалбадык, биз электригин чакыртып энергетикалык паспортун талап кылдык,бирок бизге алып келишкен жок. 2017-жылга карата социалдык-эконимикалык программа (титул) боюнча сессияда бекитип берсеңер сметага киргизип койобуз. 2017-жылдын 1-январына карата калган 2388,2 миң сом эркин калдыкты кайсыл кайсыл багытка каржылоону чечип берсеңер.
Депутат И. Мамадалиев: шаардагы жолдорду асфальттоого Республикалык бюджеттен каралуучу акча каражаты качан келет маалыматыңыз барбы?
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов: бизде ал боюнча так маалыматыбыз жок, себеби бул маселе райондун денгээлинде каралуучу маселе.
Депутат А. Мамазаитов: шаар мэриясынан алдында каржы бөлүмүн ачуу маселеси боюнча маалыматыңыз барбы?
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов: мен каржы министлиги менен бул маселе боюнча сүйлөштүм, шаар мэриясынын структурасында 24 штат каралган болсо 2 штат каржы маселесин кароого ажыратса болот экен.
Депутат А. Мамазаитов: Өзгөн ШБББнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаева сиздерге жергиликтүү бюджеттен каралып жаткан каражат жөнүндө эмне дейсиз.
Өзгөн ШБББнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаева: биздин сметада кызматтык сапарларга чыгымдар статьясына 30,0 миң сом каралган бул жетпейт, себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык базалык ставка көтөрүлгөн. Тамак-аш продуктыларын алууга да бюджеттен аз каралып жатат жана бизде жаңы методисттердин бөлүмү ачылган аларга компьютер, стол, стул ж.б. жабдууларды сатып алуу керек.
Депутат А. Шарабидинов: биз депутаттар ар дайым мектептерге көңүл буруп келебиз мүмкүнчүлүк болушунча 6 айдын жыйынтыгы менен колдоо көрсөтөбүз.
Депутат Б. Мирзажанов: мектептен сырткаркы бөлүмдөргө кайсылар кирет?
Өзгөн ШБББ нүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: ДЮФК, БЧБ, ДОЦС кирет. Мектептерди ремонттоого биздин министрлик тарабынан 900,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн, ал акча каражаты биздин мектептерди ремонттоого жетпейт. Өткөн жылдары биз ата-энелердин жардамы менен ремонттоо иштерин бүтүрүп келе жатабыз, эгерде жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү жагы каралган болсо азыр бөлүп бериш керек, кийин кеч калып калабыз.
Депутат А. Шарабидинов: учурдагы чарбалык максаттарга каралган 300,0 миң сомго эмнелер аласыздар?
Өзгөн ШБББ нүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: мел, тряпка ж.б. ушул сыяктуу нерселерди сатып алабыз, бирок бул жетишпейт ошол үчүн кээ бир мектептерде акча топтолот.
Депутат А. Мамазайитов: баардык мектептерде ата-энелерден топтолуучу взносту бирдей өлчөмдө кылып койсок болбойбу.
Өзгөн ШБББ нүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: бирдей кыла албайбыз себеби ар-түрдүү окуучулар бар, үй-бүлөлүк шартына начар окуучулар бар алар төлөшпөйт.
Депутат А. Шарабидинов: мектептерди ремонттоого канча акча каражаты дагы керектелет.
Өзгөн ШБББ нүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: мектептерди ремонттого ата-энелердин жардамы менен кылуудан башка мүмкүнчүлүгү жок. Баардыгы болуп 2,0 млн сом керектелет. Эгерде жергиликтүү бюджеттен 1,1 млн сом каржыланса азыр чечиш керек кийин каникул болуп кечигип калабыз.
Депутат А. Шарабидинов: ДОЦСко 140,0 сом сапардык чыгымга каралыптыр эмнеге көп?
Өзгөн ШБББнүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: тарбиялануучулар мелдештерге команда болуп барышат.
Депутат Б. Мирзажанов: Курманжан Датка мектебинин ашканасы жокбу?
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р.Атаджанов: азыркы күндө мектептин ашканасы жок, бирок 2017-жылдын титулуна киргизгенбиз.
Депутат Б. Мирзажанов: Өзгөн шаарынын №2 Ленин атындагы орто мектеби кышында электр энергия менен ысыйт экен, ошол мектепке котел койсок болобу?
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: аны үчүн жылылук системасын алмаштырыш керек.
Депутат И. Мамадалиев: ремонттого акча каражаты топтолушун биз элге түшүндүрүшүбүз керек.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: ремонттун акчасын мугалим кармоого укугу жок. Ата-энелер комитети өздөрү топтошу керек.
Депутат А. Шарабидинов: мектепте болгон жыйында мэр ата-энелер акча топтобосун дегенин укканмын азыркы учурда ата-энелер фонд кылынышы керегин билдик ушул маселени аппараттык чогулушта айтып койсоңуз.
Депутат О. Каримов: балдарды коргоо комиссиясы түзүлгөнбү, ошолор иштеши керек бул маселе боюнча.
Өзгөн ШБББнүн башчысын милдетин аткаруучу А. Абдикаримов: балдарды когоо комитети түзүлүп Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өткөрүлгөн, азыркы учурда иштеп жатат.
Депутат О. Каримов: сиздердин элди социалдык жактан коргоо башкармалыкта канча штат бар, канча иштейт?
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Абдурахманов: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген токтом менен бизде баардыгы болуп (ТОП МОП) менен 19 штат бар, андан 2 орун вакансия болуп турат.
Депутат О. Каримов: социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам бергендерди көрбөйбүз, алар кандай иштейт.
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Абдурахманов: азыркы күндө 5 кызматкерибиз социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келүүдө, алар жардам берүүгө жетишпейт баардыгына, өзү норма боюнча ар бир кварталга бирден адис болушу керек.
Депутат А. Шарабидинов: кварталдык комиттеттин төрагасы болгон кезде көрүп бирге иштеп жүргөнбүз кызматкерлер иштейт. Азыркы күндө социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны канча.
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Абдурахманов: азыркы күндө жардамга муктаж 62 үй-бүлө бар. Жергиликтүү бюджеттен каралган 195,0 миң сом акча каражаты жетпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 395 токтомун аткарууга материалдык жактан мүмкүнчүлүк болбой жатат. Текшерүү келгенде да ушул жерден кемчилдик таап жатат эсептеп чыкканыбызда 40,0 миң сом тегерегинде акча каражаты ушул токтомдордогу талап сактоо үчүн кетет экен.
Депутат А. Мамазайитов: сиздер шаар аймагынан сырткары жерлерге да кызмат кыласыңарбы.
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башкы эсепчиси А. Турдумамбетова: шаардан сырткары Баш-Дөбө жана Дөн-Булак айыл өкмөтөрүн да тейлейбиз. Шаардын бюджетинен бөлүнүүчү акча шаардын аймагындагы жараандарга эле сарпталат.
Депутат А. Мамазайитов: сиздердин ишканаңыздарда арыз даттануулар китеби ачылганбы?
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Абдурахманов: арыз даттануулар кутучасы бар китеби ачылган бирок бир да даттануу жызылбаган, даттануу кутучасын ай сайын ачып текшерип турабыз.
Депутат И. Мамадалиев: байланыш статьясына эмне себептен көп сурап жатасыңар.
Өзгөн шаардык элди социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башкы эсепчиси А. Турдумамбетова: бизде 7 компьютер күчөтүлгөн режимде интернет менен иштей турган программа иштетилет. Мындан сырткары 2017 жылга карата карыз менен менен чыктык, сураганыбыздан 20,0 миң сом аз каралып жатат бюджеттен.
Отурумдун төрагасы А. Мамазаитов: анда эмесе күн тартибиндеги маселе боюнча токтом кабыл алышыбыз керек, Өзгөн шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 73980,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин божомолу 2018-жылга 78729,1 миң сом, 2019-жылга 83139,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин деген депутаттар добуш берип койсоңуздар. Макул, каршы, жок. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Отурумдун төрагасы А. Мамазайитов: күн тартибиндеги экинчи маселе бул Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын 2017-жылдын 1-апрелинен ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине милдеттендирүү жөнүндөгү № 171 каты. Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев түшүндүрмө берип койсо.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешов: биз жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн оптималдаштыруу жана муниципалдык мүлктү эффективдүү пайдалануу максатында Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын иштетүү тартибин өзгөртүп түздөн-түз МММБ департаментинин кароосуна өткөрүп берүүңүздөрдү суранып жатабыз. Себеби бактын жетекчилигинин 2016-жылда жүргүзгөн иш аракеттери натыйжасыз экендиги такталган.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: аларга печать, бухгалтердин кереги жок себеби соттун чечими менен бактын жетекчили менен арендаторлор арасында түзүлгөн келишимдер мыйзамсыз деп жокко чыгарылган.
Депутат А. Шарабидинов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы МММБ департаментинин алдындагы ишкана болуп эсептелет, эмгек жамаатын жоюунун ордуна директорун алмаштырып көрсөк, себеби бир муниципалдык ишкана жок болот.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджетти оптималдаштыруу максатында ишкананын ишмердүүлүгүн жоюуну сиздерге сунуш кылып жатабыз. Жойсок 1-1,5млн сом жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлөт. Департаменттин ичинде бир адис алынат, ошол адис бактын ишмердүүлүгүнө жоопкер болуп иштейт. Жердин аренда акысынан аттракциондордон түшкөн акча бактын өзүнө жумшалат.
Депутат А. Шарабидинов: департаментке өткөрүп берсек 5-10 жыл иштеткен арендаторлорго менчикке сатылып кетпейби.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М.Макешев: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 571 токтомунун негизинде гана жерлерди сатуу болот, бирок социалдык обьекттерди сатууга жол берилбейт.
Депутат О. Каримов: 7 штаттын баары жоюлабы?
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М.Макешев: баары жоюлат анын ордуна МММБ департаментке бир адис орду ачылат.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс-алуу багынын директору Х. Курбанов: арендаторлор бактын баардык жерине жооп бере албайт, арендага берилбеген жерлер бар.
Депутат О. Каримов: муниципалдык ишкананы жоюу туура эмес деп ойлойм келишимдерди үч тараптуу кылып түзсө да болот.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс-алуу багынын директору Х. Курбанов: ишкананы жоюуу туура эмес, кыла турган иш көп, башка директор коюш керек десеңер мен ыраазымын.
Депутат А. Мамазайитов: 2016-жылда жергиликтүү бюджеттен каралган 845,0 миң сом акча каражатын кандай иштерге иштетилгени боюнча маалымат берип койсоңуз?
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: 2015-жылда парковка уюштуруу үчүн 810,0 миң сом карыз болуп калган экен, келишим парк менен түзүлүп калган ошого бактын счетуна которулуп төлөп берилди.
Депутат И. Мамадалиев: 2016-жылдын 2 айы ичинде А. Артиков 350,0 миң сом акча каражат түшүргөн болсо, баары болуп 587,7 миң сом акча каражатын түшүргөнсүз.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: август айында эс алуучулар көп келген башка шаарлардан да меймандар көп келген. Сот тарабынан келишимдер жокко чыгарылганда, сот келишимдерди үч тараптуу түзсө мыйзамдуу болоорун айткан.
Депутат А. Шарабидинов: менин оюм бактын жетекчилиги депутаттарга өзүнүн өтчетун берсин, анан сессияда депутаттар менен чечебиз.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Отурумдун төрагасы А. Мамазайитов: күн тартибиндеги үчүнчү маселе бул Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаар аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы Кредиттик келишимге макулдук берүү жөнүндөгү № 177 каты. Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов түшүндүрмө берип койсо.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Өзгөн шаар мэриясы шаардын жашоочуларын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана саркынды сууларды тазалоо боюнча иш жүргүзүү менен бирге “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чындоо максатында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан 2,75 млн $, Европалык Инвестициялык Банкынан 2,5 млн € акчаны кредит эсебинде, Борбордук Азиядагы Инвестициялык Фондунан 5,0 млн € жана Техникалык грант катары берилүүчү 1,0 млн € граттык акча каражатын, жалпы суммасы 2,75 млн $ жана 8,5 млн € насыя алууга шаардык кеңештин макулдугун сурап жатабыз. Бул маселе боюнча келишимге кол коюлуп ишке ашып калса “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасында сатып алуу бөлүмү ачылат, конкурстун жыйынтыгы менен ким болбосун иш аткаруучу утуп алса акча каражат ошол иш аткаруучунун эсебине түшөт, биздин бюджетке түшпөйт.
Депутат А. Мамазайитов: көрсөтүлгөн кредит канча мөөнөткө берилип жатат жана жылына канча акча төлөөгө туура келет.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: бул долбоор ишке ашып курулма бүткөндөн кийин төлөөнү баштайбыз, кредит 20 жылга берилет жылына 10 млн сомдон төлөөгө туура келет.
Депутат А. Мамазайитов: шаардын эли үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздалса, элге жеңилдик болуп “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасын техникалык базасы жаңыланып калат экен бул маселени колдоп берсе болот деп ойлойм кимде кандай сунуш бар.
Айтылган сунуш депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 81870,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 80967,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
Өзгөн шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 73980,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин божомолу 2018-жылга 78729,1 миң сом, 2019-жылга 83139,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине өткөрүү же башчысын алмаштуруу маселеси бактын жетекчилигин отчөтун эске алуу менен Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Өзгөн шаар аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы Кредиттик келишимге макулдук берилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы |
А. Мамазайитов |