Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 5- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 6-апрели № 5/1
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовтун 2016-жылда жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын. (отчет тиркелет)
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовдун 2016-жылдагы шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу отчету
Саламатсыздарбы урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары, урматтуу төрага Азамжан Абдуллажанович!
Мен Өзгөн шаарындагы 2016-жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берүү максатында алдыңыздарга чыгып отурам. Ошондуктан уруксат берсеңиздер бир жылдын ичиндеги аткарылган иштерди баяндап берейин.
Урматтуу депутаттар, 2016- жылга карата шаардын бюджета 74 млн.174 миң 600 сомго бекитилген болсо, аныгында 81 млн.620 мин 400 сомго аткарылып, өсүү темпи 110% түзүп, жеткирилген план 7 млн. 445 миң 800 сомго ашыгы менен аткарылды.
2016-жылдын жыйынтыгы менен такталган планга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн анализдеп көрсөк, салыктардын жана жыйымдардын 17 түрүнүн 14 түрүнөн жеткирилген план тапшырмасы ашыгы менен аткарылды. Тактап айтканда, салык агента төлөгөн киреше салыгы 1093,6 миң сомго, милдеттүү патенттин негизиндеги салыктан 536,6 миң сомго, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 2312,5 миң сомго, транспорт салыгы 1044,2 мин сомго, физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 840,8 миң сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 40,0 миң сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 280,2 миң сомго, жер үчүн ижара акы 377,1 миң сомго, авхотранспортторду парковкалоо үчүн алым 367,9 мин сомго, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдан түшкөн киреше 613,1 миң сомго ашыкча өндүрүлдү. Ал эми салыктын 3 түрүнөн бирдиктүү салык 463,2 миң сомго, кыймылсыз мүлк үчүн салык 318,4 мин сомго, сатуудан алынуучу салык 89,9 миң сомго планга салыштырмалуу кем аткарылгандыгын да белгилеп кетем.
Урматтуу депутаттар, Шаардагы аткарылган иштерге токтолсом:
2016-жылда шаарда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды десем жаңылбайм.
Өзгөн шаардык Кеңеши тарабынан 2016-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин бекитилип берилген титулдук тизмесине ылайык шаардын аймагында төмөндөгү иштер аткарылды (титулдук тизме 38 млн 97 миң. 800 сом өлчөмүндө бекитилген):
-Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыктын алкагында 800 түп можевельник, 300 түп сосна жана 300 түп ак кайын дарагы шаардын белгиленген көчөлөрүндөгү жолдордун жээктерине олтургузулду, көчөттөрдү сатып алууга жалпысы болуп 480,0 миң сом акча каражаты жумшалды жана алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылды.
-Шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан борбордук китепкананын алдында стихиялуу түрдө пайда болгон автоунаа токтоочу жай ээлеген жер тилкеси МММБ департамента тарабынан автоунаалардан бошотулуп, гүл көчөттөрүн отургузуу үчүн атайын топурак ташылып, даярдалды жана шаардын көркүнө көрк бере турган гүлдөр олтургузулду. Ошондой эле райондук маданият үйү менен райондук ички иштер бөлүмүнүн чек арасында жайгашкан №39 кварталдагы жер тилкеси тосмолонуп, кооз гүлдөр эгилип, отургучтар жасатылды, аталган жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 315,9 миң сом сарпталды. Анын ичинен деталдаштырып айта турган болсом:
-138,0 мин сом кара топурак сатып алууга;
-65,0 темир тосмо жана отургучтар үчүн;
-96,0 мин сом гүл кӨчӨттӨрүн сатып алууга;
16,9 мин сом РИИБнүн алдындагы жерге мамлекеттик акт жасатуу үчүн жумшалды.
-Шаардын аймагына гүл олтургузуу жана суу айлампасын оңдоо максатындагы иштерди аткаруу үчүн 60,0 миң сом «Өзгөн Тазалык» муницпалдык ишканасына которулуп берилди.
“Жаны-Хаят” кварталындагы эски түтүктөрдү казып алып, көчөлөрдөгү белгиленген жерлерге орнотуу үчүн 100,9 мин сом, кыш мезгилинде шаардын борбордук көчөлөрүн кардан тазалоо иштерине 67,0 мин сом акча каражаты жумшалды.
-Шаарыбыздын таза суу түтүкчөлөрүн жаңылоо максатында 611,2 мин сом акча каражаты сарпталып полиэтилен тру бал ары менен суу түтүкчөлөрү жаңыланды. Тактап айтканда:
«Мажрум-Тал»- Хайдаров көчөлөрүнө 630м,
«Гузар» Беруний, У.Салиева көчөлөрүнө 100м,
«Мажрум Тал»- Токтогула көчөсүнө 328м,
«Калма-Кыя» Чарбак,Гапаров көчөлөрүнө 550м,
«Гузар» Стаханов Бабур-Мырза көчөлөрүнө 400м,
«/ч-Дөбө» А.Кахаров Заргер көчөлөрүнө 250м,
«Борборго» 200м. трубалар алынды.
-Шаардын аймагын аралап агып өткөн Фархад каналын тазалоо иштерин уюштуруу ботонча экүк ташуучу жана атайын техника үчүн күйүүчү май сатып алууга 25,9 мин сом акча каражаты сарпталды.
- Шаардын аймагындагы көчөлөргө орнотулган түнкү жарыктардын күйүп калган лампочкаларын алмаштыруу үчүн 100 даана электр лампочкалары 35,0 мин сомго сатып алыныд, Амир Темур, Манас, Гагарин көчөлөрүнө орнотулду. Шаардагы жол чырактарды (светофорлорду) оңдоп түз үчүн 20,2 миң сом сарпталды.
Урматтуу депутаттар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жеке ишкер А.Жолдошев тарабынан, Н.Азнабакиев атындагы эс алуу багынын аймагына бийиктиги 23 метрди түзгөн, диаметри 30 сантиметр болгон темирден флагшток жасалып, анын салтанаттуу ачылышы 5- март күнү болуп өттү. Аны жасоо үчүн 199,0 миң сом акча каражаты каржыланды.
Флагштокту орнотууга 300 чарчы метр жер тилкесине бетон (стяжка) куюп бергендиги үчүн 41,5 миң сом акча каражаты жеке ишкер Б.Артыковго бөлүнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын 6x9м өлчөмүндөгү Туусу жеке ишкер Н.Насырахуновага атайын буйрутма берилип, 32,5 мин сомго даярдалып алынды. Жалпысынан 288,0 мин сом акча каражаты сарпталды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун орнотуу үчүн сеткамах, скверди тосууга, светофорлор менен түнкү электр жарык берүүнү жердештирүүгө зым сатып алууга 98,7 мин сом жумшалды.
-Өзгөн шаарынын көчөлөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, атап айтканда Манас, Мирзарахимов, Гагарин, Сельская, Набиева, Маллабеков, Амур Темур көчөлөрүндөгү жолдорго «лежачий полицейский» орнотууга 40,8 миң сом акча каражаты сарпталды.
-Жүзүмзар кварталындагы Саидов көчөсүндө жайгашкан мечитке мамлекеттик акт даярдатууга 14,6 миң сом, Жаңы ӨзгӨн кварталына жаңы электр трансформаторун орнотууга жер тандоо үчүн ИТШ жасатуу үчүн 18,3 миң сом, мамлекеттик акт алууга 19,4 миң сом каржыланды. «/ч Дөбө» кварталындагы мечитке мамлекеттик акт алуу 9,6 миң сом сарпталды.
Урматтуу депутаттар, жергиликтүү маанидеги маселелердин ичинен эн манилүүсү катары саналган жолдорду оңдоо-түздөө жана асфальттоо боюнча да алгылыктуу иштерди аткардык:
- Шаардагы Токтогул көчөсүндөгү узуну 685 метр, туурасы 5 метр жолду, 6 сантиметр калындыкта асфальттоо үчүн 2598,0 миң сомго келишим түзүлүп, ал суммадан 1299,0 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди.
- Волков жана Панфилов көчөлөрүндөгү узуну 650 метр, туурасы 7 метр жолду 6 сантиметр калындыкта асфальттоо үчүн 4342,7 мин сомго келишим түзүлүп, ал суммадан 1765,7 мин сом акча каражаты төлөнүп берилди. Калган төлөнүүчү сумма 2017-жылдын II, III кварталында жумуш аткаруучунун эсебине которулуп берилмекчи.
Ленин көчөсүнүн Манас жана Кошиев көчөлөрү менен кесилишкен ортолугундагы узундугу 254 метрди, туурасы 7 метрди, кальщдыгы 6 см түзгөн бөлүгүн асфальттоо үчүн 1857,4 мин сомго келишим түзүлүп аталган жумуш толугу менен аткарылды. Төлөнүүчү акча каражаты 2017-жылдын II, III кварталында төлөнүп берилет.
- Бабур Мирзо көчөсүнүн Амир Темур көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап 435 метр участогун асфальттоо үчүн 1548,0 мин сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды. Аткарылган жумуш үчүн акча каражаты 2017-жылдын II, III кварталдарында төлөнүп берилет.
- Инамжан Мавлянов атындагы көчөсүндөгү жолдун узундугу 572 метр, туурасы 5 метрди түзгӨн аралыгын асфальттоо үчүн 2млн.149 миң 300 сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.
-Бегелдинова көчөсүнүн узундугу 721 метр туурасы 4, 5, 6 метр аралыгындагы жолду асфальтто иштерине 2 млн 892 мин сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.
Манас көчөсүндөгү 2727 м2 тратуарга тапан таш басуу жумуштарына 1 482,4 миң сомго аткарылды.
Советская көчөсүнүн 580 метрди түзгөн аралыгын асфальттоо үчүн 1млн 825 миң 600 сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.
Крупская көчөсүнүн 246 метр туурасы 4 метр кальщдыгы 6 см аралыгындагы жолдорго асфальт жаткыруу иштери 1 млн.84 мин сомдук келишимдин негизинде жүргүзүлдү.
Мавлянов көчөсүнүн узундугу 572 метр, туурасы 5 метр, кальщдыгы 6 см 2149,3 миң сомго келишим түзүлүп жумуш толугу менен аткарылды.
Жолдорду асфальтоо жумуштары боюнча каралган план толугу менен аткарылды, бирок 2017-жылга карата жолдорду асфальтоо үчүн 11160,0 сом карызыбыз бар экенин да сиздерге билдирип кетем.
Шаардын тургундарынын дагы бир көйгөйлүү маселелери катары электр жарыгы менен калкты камсыздоо максатында Темир бетон маамычалар сатып алынып,
2016-жылдын 1- жарым жылдыгында шаардын аймагындагы жаңы конуштарды жана эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштырып, орнотуу үчүн 168 даана электр мамычалары сатып алынып, 1231,0 миң акча каражаты «Кок Тонду» ЖЧКнын эсебине которулуп берилген болсо, 45 даана электр мамычалар «Завод ЖБИ-4» ЖЧКому менен түзүлгөн келишимдин негизинде 267,1 мин сомго, жалпы 213 даана темир бетон электр мамычалар 1498,1миң сомго сатып алынды. Сатып алынган электр мамычалары шаар мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү аркылуу бөлүштүрүлүп, андан ары орнотуу жагын көзөмөлгө алуу жаты кварталдык комитеттеринин төрагаларына тапшырылды.
213 даана темир бетон мамычалары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
Таштак кварталынын Интернациональная көчөсүнө 4 даана,
«Шарк» кварталындагы Жуков көчөсүнө 8 даана,
«Кайрагач» кварталындагы Фергана көчөсүнө 28 даана,
«Жаны Хаят» кварталындагы Кош Коргон көчөсүнө 10 даана,
«Таштак» кварталындагы Узбекстан көчөсүнө 6 даана,
«Терт Кече»кварталындагы Панфилов көчөсүнө 11 даана,
«Жаңы-Өзгөн»гө 16 даана,
«Гузар» кварталындагы Мавлянов көчөсүнө 8 даана,
«/ч-Дөбө» кварталындагы Каримов көчөсүнө 22 даана,
«Калма-Кыя» кварталынындагы көчөлөрдөн; Х.Олимжанга 4 даана,Фарходго- 1 даана, Чарбакка 15 даана берилди.
«Кумдук» кварталындагы Л.Толстой көчөсүнө 5 даана,
«Улукбек» кварталындагы Кыргызстан көчөсүнө 7 даана,
«Гузар-1»деги Стаханов көчөсүнө 7 даана,
«Жанибек Казьпжварталындагы Бахмал көчөсүнө 11 даана,
«Мажирум Тад»дсварталына 24 даана берилди.
«Жузум зар» кварталына 10 даана, «Жаны Турмуш»квартальша 15 даана берилди.
«Жаңы Өзгөн» кварталынын калкынын турмуш шартын жакшыртуу максатында жаңы көмөкчү чордонун (трансформатор) (КТП) сатып альш орнотуула ПРООН тарабынан 228,0 мин сом акча каражаты каржыланды, ал эми жергиликтүү бюджеттен 97,2 мин сом акча каражаты кошумча –каржыланып берилип, учурда иштеп жатат.
- Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына ар түрдүү багытта жасалган проектилери, иш кагаздары үчүн 955,2 миң сом өткөрүлүп берилди.
Урматтуу депутаттар! Президентибиз А.Атамбаев тарабынан үстүбүздөгү жыл мамлекетибизде «Тарых жана маданият жылы»,- деп жарыяланганын баарыңыздар билесиздер. Ошого байланыштуу, архитектуралык-археологиялык комплекске жакын жерге тарых музейинин имаратын куруу иштери башталып, ага колдоо көрсөтүү максатында 300,0 мин сом акча каражаты райондук мамлекеттик администрациянын эсеп балансасына которулуп берилди.
Урматтуу сессиянын катышуучулары, шаардагы жасала турган иштер пландаштырылгандан кийин сөзсүз ал иштердин долбоорлору алдан -ала жасалууга тийиш. Ушул максатта б.а. Долбоорлорго карата каржыланган акча каражаттары боюнча да катары менен маалымат берүүнү туура таптым:
- Жолдордун 4 километрин асфальтоого долбоорун даярдоо үчүн 150,0 мин сом, Манас көчөсүндөгү «Кыргызтелеком» ЖАКнун Өзгөн райондук бөлүмүнүн имаратынан Н.Азнабакиев эс алуу багына чейинки 6540 м2 жол жээгиндеги тратуарлардын долбоорун даярдоого 35,0 миң сом, Мавлянов көчөсүндөгү 450 метр аралыктагы жолду, Гапаров көчөсүнүн 1020 метр аралыктагы жолду асфальтоо үчүн долбоорун даярдоого 70,0 миң сом, мындан сырткары Шайхзода, Каххар, Венера Маданият, Стаханов, Нуриддинов, Брежнев, Совет, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо боюнча долбоорун даярдоо үчүн мин сом. Ал эми «Ай Шоола» балдар бакчасынын канализация түтүктөрүн оңдоо үчүн иштин көлөмүнүн сметасын даярдатууга 20,0 миң сом сарпталды. Ай шоола балдар бакчасынын таза суу менен камсыздоо түтүкчөлөрүн оңдоо максатында сметалык из долбоорун даярдоо үчүн 20,0 миң сом сарпталды. Манас көчөсүнүн Жаныбек казы кварталынан Гагарин көчөсүнө чейинки аралыкта ирригациялык тармактарын оңдоо максатында долбоор даярдоо үчүн сом сарпталды. Борбор жанан Жаныбек Казы кварталына балдар ойноочу аянтча куруу максатында сметалык долбоорун даярдоого 40,0 миң сом каржыланды. Шаарыбыздын таштандыларын таштоочу жайына мамлекеттик акт алууга 32,7 мин сом Советская, Маллабекова, Крупская жана Мырзатаева көчөлөрүнүн асфальт төшөө максатында долбоордук сметасын даярдатып алуу үчүн 100,0 миң сом. Өзгөн шаар аймагын аэрофото сьемка тартуу үчүн 100,0 мин сом сарпталды.
Өзгөн шаардык бириктирилген аскердик комиссариатынын жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде көмөк көрсөтүлүп, аскер комиссариатынын имааратынын терезелерине жалюзи даярдатууга 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Өзгөн райондук мамлекеттик наториалдык кенсесин ремонттоо жана эмерек сатып алуу максатында 50,0 мин сом сарпталды.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн имааратын ремонттоо жумуштарына көмөк карсөтүү максатында 50,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Өзгөн «Тазалык» ишканасына сахна жана сахна жасалгасын даярдоо үчүн 101,0 миң сом берилди.
Шаардагы Сельская, Ленин, Жаш Гвардия, Бегельдинов, Абдувахидов, Маданият, Кошиев көчөлөрүндөгү түнкү жарыткычтарды, Жаңы Хаят кварталынын аймагына курулган ФАПтын жана жол чырактарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн 25,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Жол кыймылын коопсуздугунсактооллаксатында шаардын 6 көчөсүнүн кесилишиндеги светофорлордун жанына;,
Манас көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилиши,
Манас көчөсү менен Кошиев көчөсүнүн кесилиши,
Манас көчөсү менен Гагарин кӨчӨсүнүн кесилиши,
Мирзарахимов көчөсү менен А.Наваи көчөсүнүн кесилиши,
Мирзарахимов көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилиши,
Манас көчөсү менен Маллабеков көчөсүнүн кесилиштерине видео күзөт орнотулду
Видео күзөттү сатып алуу жана орнотуу үчүн жалпы 272,8 сом каржыланды. Билим берүү тармактары боюнча айта турган болсом;
Шаардагы мектептердин материалдык техникалык базасын чындоо, заманбап технологиялар менен камсыздоо максатында Шарипов, Ленин, Айтматов, А.Темур жана мектеп гимназияга 5 даана интерактивдүү доска 405,0 миң сомго сатып алып берилди.
Шаардагы бардык мектептерге видео күзөт орнотуу иштерине 360,0 миң сомго келишим түзүлүп, жумуш аткарылды.
«№7 гимназия” мектебинин спорт залынын чатырын жылытуу жана жылытуу системасын отказанына улатуу жумуштары 199,5 миң сомго аткарылды.
“Ай-мээрим” жана “Ай-шооласы” балдар бакчаларына жаңы ажаткан курууга 686,0 мин сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды.
-Шаардагы №8 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин кире бериш жерине темир тосмо орнотуу жана мектептин имааратынын кире бериш жериндеги (айбанчасында) потологун жаңылоо иштери үчүн 133,7 мин сом акча каражаты сарпталды.
№7 гимназия мектебинин ашканасына жабдыктарды жана эмеректерди сатып алуу максатында 189,5 мин сом сарпталды.
№2 В.И. Ленин мектебинин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо» кызматтык бөлмөсүн оңдоо максатында 30,0 миң сом сарпталды. «Аймээрим» балдар бакчасын ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 430,7 миң сом, Республикалык үлүштүк(дем) берүүчү гранттардын каржылоосу менен 2142,0 миң сом каржыланды.
С.Шарипов мектебиндеги ашканасы курулуп толугу менен аяктап пайдаланууга берилди. Жалпы каржыланган акча каражаты 1223,8 миң сом.
«Айшоола» балдар бакчасынын каналиэациясын, таза суу менен камсыздоо түтүкчөлөрүн оңдоо жана ракавина, унитаз оротулду жалпы 649,7 миң сом сарпталды.
Амур-Тимур атындагы №5 орто мектебинин ашканасын ички бөлмөлөрү оңдолуп, сырдалып, септиктер казылып трубалар орнотулду, эшиктери алмаштырылды жана дубалга кафель жабыштырылды жалпы аткарылган жумуш 129,4 мин сомду түздү.
№2 В.И.Ленин, №3 3. Бобур атындагы мектептеринин класстык бөлмөлөрүн ички тарабын ремонттоо трансформатордук подстандияньш үстүн жабуу жумуштары 370,4 миң сомго аткарылды.
Шаардагы С.Маматов атындагы балдар музыкалык мектебинин патолугун оңдоо иштерине 149,2 мин сомго келишим түзүлүп, ремонттоо иштери жүргүзүлдү.
Ч.Айтматов. А.Тимур. А.Новаи, Курманжан Датка мектептерине 5 даана электр эсептегич сатып алынып орнотулду.
Шаардагы Амур Темур атындагы мектептин ашканасын ремонтто иштерине 129,4 миң сом каржыланды.
“/ч-Дөбө” кварталдык комитетинде курулуп жаткан спорт залын курулушуна көмөк көрсөтүү максатында 200,0 мин сом каржыланды.
Өзгөн шаарынын кире-беришин айрым участкаларына көркөм көрүнүш жасоо максатында Манастын айкелинин арт жагындагы «ӨЗГӨН ШААРЫМ» деген аталышты даярдоо үчүн 402,3 мин сом сарпталды, жол жээгиндеги декоративдүү таштарды тегиздеп, сайдын түстүү таштарынан арнамент жасоо, Римский мазаика ыкмасында монументалдык кооздо жумуштары аткарылды жалпы 784,6 мин сом каржыланды.
Өзгөн шаарына кире беришиндеги көпүрөнүн жанындагы чоң бетондон жасалган стенддин эки бетин мозаика түрүндө жасалгалоо жумуштары үчүн 170,0 миң сом каржьшанды.
Борбор кварталындагы №74 көп кабаттуу үйдүн тушунда 10 очколуу ажаткана 482,6 миң сомго курулган, бирок аталган курулуштун дубалында жарака кетип жабууга туура келди. Жумуш аткарган ЖКЧ «Сапат Максимум» тарабынан 2017-жылдын жаз айында кайра оңдоо иштерин аткара тургандыгын кат жүзүндө тастыктаган. Азыркы учурда аталган жумушту аткаруу иштери башталган.
-Ирригациялык тармактарды оңдоо иштери боюнча айта турган болсом: 2016-жылдын 2-жарым жьшдыгында дагы Өзгөн шаарынын аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү, оңдоо жана жаңы асфальт жаткырылган көчөлөрдүн жээгине лотоктор куюу иштери улантылды.
Өзгөн райондук билим берүү мекемесинен тартип Манас көчөсүнө чейин ирригациялык тармактын оцдоо иштерине 101,0 миң сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды.
Шаарыбыздын көчөлөрүндөгү ирригациялык тармактар үчүн 291 рейс шагыл 400,0 миң сомго, 268т цемент 1299,8 миң сомго алынып элдердин ашар жолу менен жумуш толугу менен аткарылды.
Кайрагач кварталындагы Советская, Крупская көчөлөрүнө 20рейс,
Улугбек кварталына Советский, Морозов, Кашка-Терек көчөлөрүнө 30 рейс, «үч-Дөбө» кварталындагы Волкова, Мирзакулов Гагарин 46 рейс, «Кылыч-Бурханидин» кварталындагы Орозбекова көчөсүнө 4 рейс,
«Жаңы-Хаят» кварталындагы үч-Дөбө көчөсүнө 33 рейс,
«Гузар-1» Бабур -мырза көчөсүнө 6 рейс,
«Гузар» кварталындагы Мавлянов жана Бастов көчөлөрүнө 15 рейс,
-Жаны Турмуш , Чапаев, Токтогула көчөлөрүнө 36 рейс,
«Мажирум Тал» кварталындагы Токтогул көчөсүнө 30 рейс,
«Кумдук» кварталындагы Мукумий жана Л.Толстой көчөлөрүнө 17 рейс, «Жаны-Өзгөн» кварталына 3 рейс
Сараксий кварталындагы Конева Волкова көчөлөрүнө 23 рейс,
Сельская көчөсүнө 55 рейс, Маллабеков көчөсүнө 6 рейс, Мукумий көчөсүнө 1 -рейс, А.Тимур көчөсүнө 2 рейс шагыл төгүлдү.
Эркиндик көчөсүнө 39 рейс, Чолпон көчөсүнө 35 рейс, сараксий көчөсүнө 6 рейс
төгүлдү.
-“Жаны-Хаят” кварталындагы зеки түтүктөрдү казып алып, көчөлөрдөгү белгиленген жерлерге орнотуу үчүн 100,9 миң сом, кыш мезгилинде шаардын борбордук көчөлөрүн кардан тазалоо иштерине 67,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Көчөлөргө азбесть трубаларды орнотуу үчүн Советская көчөсүнө 4 даана 400дм, Кашка Терек көчөсүнө 2 даана 400дм, “Волкова көчөсүнө 2 даана 300дм7 Сараксий көчөсүнө 2 даана 150 дм трубалар орнотулду. Жалпы 53,5 миц сом.
Брежнев жана Маллабеков көчөлөрүнүн жол жээгиндеги арыктарга лоток орнотуу жана 2 даана Л-60 темир бетон лотокторду сатып алууга жана орнотууга 67,8 миң сом сарпталды.
46 даана жол белгилерин даярдалып жол жээктерине орнотулду жалпы акча каражаты 115,0 миң сомду түздү.
Волкова, үч-Дөбө,Советская, Колчанова, Молодая-Гвардия, Токтогула Кошиев көчөлөрүнө 16 даана , Чуйков көчөсүнө 10 м. труба сатып алынып орнотулду.
Жаңы калктуу конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөө, тегиздөө иштерин улантуу максатында жарыя берилген конкурстун негизинде “Юг Строй” ЖЧК менен 800 рейс шагыл төшөө иштерине 590,0 миң сомго келишим түзүлүп,
«Калма Кыя» кварталынын Калма-Кыя, Жаңы мектеп, Алмазар, Жениш, Гаппаров көчөлөрүнө 198 рейс,
«Гузар» кварталындагы Салиева, Беруний, Гагарин көчөлөрүнө 55 рейс, «Ташлак» кварталынын Супибаева көчөсүнө 58 рейс,
«ЖаныХаят» кварталындагы Ором, Сараксий көчөсүнө 140 рейс,
«Гузар-1» кварталындагы Стаханов көчөсүнө 107 рейс,
«Сараксий» кварталынын Эркиндик көчөсүнө 20 рейс,
«Мажрум Тал» кварталынын Нарматова, Атаджанов М,Салиев көчөлөрүнө 21рейс,
-«Тазалык» МИ нын таштанды төгүлүүчү жайга баруучу жолго 65 рейс,
«Жаңы Өзгөн» кварталдарына 136 рейс шагыл төгүлдү.
Борбор жана Жаныбек казы кварталдарында балдар ойноочу аянтчаларды куруу максатында жарыя берилген конкурстун жеңүүчүсү “Строй Инвест Ком” ЖЧК менен 1 млн 447 мин 464 сомго келишим түзүлүп, жумуш күндүн суук түшүп калганына байланыштуу толугу менен аягына чыкпай калды.
2016-жылда аткарылган жумуштар үчүн 2017-жылдын 1-январь айына карата 12 010,1 мин сом карыз, ал эми 2015-жылдан калган карыз үчүн 394,2 мин сом карыз акча каражаты төлөнбөй калды.
Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департамента Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар» жӨнүндӨгү Мыйзамынын негизинде 2016 жылга карата титулдук тизмесинде бекитилген шаарда аткарылуучу жумуштарды мамлекеттик сатып- алуулардын интернет-порталына берүү, түз келишимди тикелей түзүү, жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бир тараптуу усул аркылуу тендер жарыяланып. Ошонун негизинде иштер аткарууга алынды.
2016-жылда сатып-алуулардын интернет-порталына 112 тендер берилип, мыйзам чегинде иштер толук жана сапаттуу аткарылды десем жаңылбайм.
Урматтуу депутаттар! МММБ департамента тарабынан шаарда аткарылуучу жумуштар үчүн 45 291 720,30 (Кырк беш миллион эки жүз токсон бир миң жети жүз жыйырма сом отуз тыйын) сом белгиленген болсо, тендерге катышкан катышуучулардын жумуш аткаруу үчүн сунуштаган акча каражаты 35 281 878,56 (Отуз беш миллион эки жүз сексен бир миң сегиз жүз жетимиш сегиз сом 56 тыйын) сомду түздү. үнөмдөлгөн акча 10 009 841,74 ( Он миллион тогуз миң сегиз жүз кырк бир сом 74 тыйын) сомду түзгөндүгүн сиздерге маалымат катары айтып кетүүнү туура таптым.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти тарабынан өңдүрүлгөн ижара төлөмдөрү, парковка салыгы жана жер салыктары келищимдер боюнча 2016-жылдын бир жылдыгында жалпысы болуп коюлган план 2743256 (эки миллион жети жүз кырк үч миң эки жүз элүү алты) сом өндүрүлүш керек болуп, анын ичинен 2610645 (эки миллион алты жүз он миң алты жүз кырк беш) сом Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине төгүлдү. 2016-жылдын эсебинен 2017-жылдын 1-январына карата калдык 153895 сом. Азыркы күнгө калдык эсебинен 38013 сом өндүрүлдү. Анын ичинен автоунаалар токточу жайлардын (парковка) ижарага алып, пайдаланып келе жаткан ээлерин келишим мөөнөтү бүткөндүктөн муниципалдык жерлерди ижарага берүү сатуу комиссиясынын жыйынтыгын негизинде конкурска коюлган. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү болжол «Умид» кафесинин жанындагы прилавкалар алынгандыктан 2015-жылга салыштырмалуу 10% пайызга аз ижара төлөмдөрү өңдүрүлгөн. Жалпы коммерциялык дүкөндөр 129, жашылдандыруу 18, жарнамалык шиттер 15, автостоянка парковкалар боюнча 15 келишим түзүлгөн.
Урматтуу депутаттар 2016-жылда инвестиция тартуу багытындагы дагы бир топ иштер жүргүзүлдү. Атап айтканда:
Чуй-Бишкек-Талас Экофонд аркылуу шаарга чыгынды ташуучу автоууна МАЗ - 533702, жол тазалоочу жабдыктары менен 3 млн 180 миң сомдук техника алып келинди. Шаардын Маллабеков, Брежнев, Садовая, Таштак көчөлөрүндөгү ирригациялык тармагын оңдоо үчүн лоток жаткыруу үчүн Чуй- Бишкек Экофондго жазылган долбоордун алкагында 400,0 миң сомдук лотоктор сатып алынып орнотулду.
Республикалык үлүштүк(дем) берүүчү гранттардын каржылоосу менен «Ай-мээрим» балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо иштери 2572,0 миң сом сарпталып жүргүзүлдү.
Шаардагы Бабур атындагы мектептин имаратын капиталдык ремонттодон өткөрүү иштерине 6,5 млн сом сарпталса, Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна 12,0 млн сом сарпталып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Шаардын “Жаңы-Хаят” участкасына жеке ишкер Илияминов Юлчибайдын жеке инвестициясынын эсебинен балдар ойноочу аянтча, калктын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, ага өзүнүн эсебинен 3,0 млн сомдук акча каражаты жумшалып, ишке берилди.
Урматтуу депутаттар, мен мүмкүн болушунча аткарылгани иштер тууралуу маалыматтарды бердйм. Кемчилдиктери бол со, же айтылбайт калгандары болсо менин замдарым, департаменттин жетекчилиги кошумча маалыматтарды берет деген ойдомун.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!
Өзгөн шаарынын мэри | С. Пратов |