Загрузка документа…
Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 58 токтомуна ылайык жокко чыгарылды
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 34
Өрүкзар, Сары-Талаа айылы, Кудаяркан чебинде жайгашкан трансформатор орнотууга 10Кв электр линияларын тартуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Өрүкзар, Сары-Талаа айылы, Кудаяркан чебинде жайгашкан трансформаторлорго жер аянтын бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Өрүкзар, Сары-Талаа айылы, Кудаяркан чебинде жайгашкан жерге трансформатор орнотуу үчүн 16м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Өрүкзар кварталына 10Кв электр линиясын тартуу үчүн 720м жер ажыратылып берилсин.
3. Трансформатор орнотууга жана электр линиясын тартуу үчүн керектүү болгон жер аянттарын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |