Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №58
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги №34 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясы Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 16-сентябрындагы №11/107619сандуу каршылык билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 16-сентябрындагы №11/107619 сандуу каршылык билдирүүсүнүн (протест) негизинде Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги №34 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |