Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 1-1
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 12-июндагы №1 протоколу бекитилсин.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№1 ПРОТОКОЛУ
Ноокат шаары 12-июнь 2017-жыл
Жыйналышка катышкандар:
1.Маматхалил кызы Равшанай
2.Маткасимов Хокимжон Абдилхакович
3.Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
1. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттерин бөлүштүрү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап эсептөө комиссиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эсептөө комиссиясынын төрайымдыгына Маматхалил кызы Равшанай шайлансын.
Эсептөө комиссиясынын катчылыгына Маткасимов Хокимжон Абдилхакович шайлансын.
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип берүү Ноокат шаардык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын
Төрайымы: Маматхалил кызы Равшанай
Катчысы : Маткасимов Хокимжон Абдилхакович
Мүчөсү : Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович