Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 3-1
Ноокат шаардык кеңешинин торагасын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын №3 протоколунун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы кызмат ордуна 21 депутаттын ичинен катышкан 20 депутаттан 20 добуш алган талапкер Гафаров Абдрахман Мамадумарович Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын деген эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 12-июндагы №3 протоколу бекитилсин.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№3 ПРОТОКОЛУ
Ноокат шаары 12-июнь 2017-жыл
Жыйналышка катышкандар:
1. Маматхалил кызы Равшанай
2. Маткасимов Хокимжон Абдилхакович
3. Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатовичтер
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
Ноокат шаардык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.
Жашыруун добуш берүү бюллетендеринин жалпы саны - 21
Анын ичинде добуш берүүгө таркатылган бюллетень - 20 Урнанын ачканда чыккан бюллетень - 20
Талапкер Гафаров Абдрахман Мамадумаровичге
Макул -20
Каршы -жок
Баарына каршы - жок
Бузулганы - жок
Иштетилбегени- 1
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер
Гафаров Абдрахман Мамадумарович Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинсин.
2. Эсептөө комиссисянын №3 протоколун бекитип берүү Ноокат шаардык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын
Төрайымы:- Маматхалил кызы Равшанай
Катчысы:- Маткасимов Хокимжон Абдилхакович
Мүчөсү:-. Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович