Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/29
Талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, шаардык Кеңештин кызмат ордуна талапкерлерди катоо боюнча талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесин, шаардык Кеӊештин Регламентинин 3-главасынын 3.1. пунктун жана 14-главасынын 14.5. пунктарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун, жабык добуш берүү боюнча даярдалган бюллетендин үлгүсү бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын, шаардык Кеңештин төрага кызматына катталган талапкердин тизмеси № 2 протоколуна ылайык бекитилсин.
3. Жашыруун, жабык добуш берүүнү мыйзам чегинде өткөрүүнү эсептөө комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун
№ 2 ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 30-марты Кочкор-Ата шаары.
Отурумга катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
Кочкоров Макентай
Нышанкулов Абдилмурат
Тагаев Алманбет
Маматкулов Сабыржан
Таштемиров Адылбек
Күн тартиби:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун жабык добуш берүүнү өткөрүү үчүн бюллетенин бекитүү жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча шаардык Кеңештин депутаты Кочкоров Макентай эсептөө комиссиясынын төрагасы шайлоо бюллетенинин формасын аныктап, даярдап чыкты.
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясы отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун, жабык добуш берүү үчүн даярдалган бюллетендин формасы бекитилсин.
Жабык, жашыруун добуш берүү бюллетенине Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагалык кызматына талапкер
Кимсанбаев Кабулжан Камиловичтин фамилиясы, аты жана атасынын аты киргизилсин.
Токтомду бекитип берүү шаардык Кеңештин кезексиз V сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: _____________ М.Кочкоров
Эсептөө комиссиясынын катчысы: _____________ А.Нишанкулов.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: _____________ А.Тагаев.
______________ С.Маматкулов.
______________ А.Таштемиров.