ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2-заседаниеси
2017-жылдын 27-январы № 2/1
Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 49-беренесинин 4-пунктунун 1-бөлүмүнүн негизинде Жошолу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп эсептелсин.(Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 01.02.2017-ж. Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысын дайындоо жөнүндөгү № 25 буйругу тиркелет)
Төрага | К. Дейдиев |
| Тиркеме № 1 |
“01 ”февраль , 2017-жыл № 25 Жаңы-Турмуш айылы
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 43,49 беренелеринин жана “ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн башчылыгына Абдырахманов Туратбек дайындалсын жана финансылык документтерге биринчи кол коюу укугу берилсин.
Жошолу айыл өкмөтүнүн негизги жана айланма каражаттарын, материалдык мүлктөрүн, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын айыл өкмөтүнүн башчысы Абдырахманов Туратбекке өткөрүп берүү боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана актынын негизинде өткөрүлүп берилсин.
Айыл өкмөт башчысы Абдырахманов Туратбекке Жошолу айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүнүн негизинде эмгек акы төлөө жүргүзүлсүн.
Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Аданбай уулу Нурбекке жүктөлсүн.
Негизи: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 27 токтому
Башчысы-аким | И.А. Ташкулов |