Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 7/3-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодекси жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодексинин долбоору боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, 7-чакырылыштагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодекси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин . ( тиркелет)
Төрага | К. Уметов |
| №1- тиркеме Шаардык кеңештин 16.03.2017-жылдагы III сессиясынын № 7 /3-7 токтому менен бекитилди |
Депутаттык этика
КОДЕКСИ
Ушул Депутаттык Этика Кодекси (мындан ары - Кодекс) - коомго татыктуу кызмат кылуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу токтомдорду чыгаруу ишин уюштуруу, кызыкчылыктардын мүмкүн болуучу кагылыштарына, кыянатчылыктарга жана коррупцияга жол бербөө максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тарабынан ыктыярдуу кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин жана этикалык нормаларды сактоо милдеттенмеси.
1-глава
1.1. Кодекс жарандардын шаардык кеңешке болгон ишениминин өсүшүнө жана депутаттардын ишине керектүү маданияттын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү депутат сактоого тийиш жүрүм-турум стандарттарын (нормаларын) белгилөөчү документ болуп эсептелет.
1.2. Депутат өзүнүн ишинде Кара-Көл шаарынын кызыкчылыктарын коргоого, Конституцияны, " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамды, шаардык кеңештин Регламентин, Кыргыз Республикасынын дагы башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Кодексти сактоого тийиш.
1.3. Депутаттын ишмердиги азыркы жана келечек муундар алдында өз шаар аймагына болгон жоопкерчилигинен келип, Кара-Көл шаарынын бакубаттыгына жана гүлдөп, өсүшүнө жетишүүгө багытталышы керек.
1.4. Депутат өзүнүн кадыр-баркына, ошондой эле шаардык кеңештин кадыр-баркына жана жалпы эле шаарга, мамлекетке залака келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштен жана жосундардан карманууга тийиш.
1.5. Депутат башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын сыйлоого тийиш. Башка депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүчү, ошондой эле кемсинтүүчү формадагы кеп-сөздү айтууга жол берилбейт.
2-глава Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарындагы депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттардын өз ара мамилелери тең укуктуу негизде түзүлөт. Ар бир депутат башка депутаттарга алардын саясий таандыгына карабастан калыс мамиле жасоого милдеттүү. Депутаттар өзүнүн ишин каралып жаткан маселелер боюнча эркин коллективдүү талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу, ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүнө сый мамиле кылуу, кагылыштарга жол бербөө, талкуулоо жолу менен депутаттар арасында талаш-тартышты чечүүнүн жолун издөө принциптеринде курушу керек. Депутат өзүнүн көз карашын коркутуу, ультиматум коюу, дагы башка ушул сыяктуу иш-аракеттер менен таңуулай албайт.
2.2. Депутат шаардык кеңештин сессияларына, өзү мүчө болгон депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарына катышууга милдеттүү. Депутаттын жыйындарда болбой калышына жүйөлүү себептер боюнча гана жол берилет, бул учурда депутат шаардык кеңештин Регламентинде каралган тартипке ылайык иш жүргүзүүгө милдеттүү.
2.3. Депутат шаардык кеңештин чечимдери менен тапшырмаларын адилет аткарууга милдеттүү. Депутат шаардык кеңештин Регламентинин жана " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттүү. Жыйналыштарды үзгүлтүккө учуратууга багытталган депутаттардын жеке жана жамааттык аракеттерине: жүйөсүз себептер боюнча жыйындар залылан чыгып кетишине; төрагалык кылуучу сөз бермейинче чыгып сүйлөшүнө; талкууланып жаткан маселеден тышкары сөз сүйлөөгө; сүйлөп жаткандардын сөзүн кыйкырып үзгүлтүккө учуратууга; жыйында төрагалык кылуучу тарабынан сөз берилгендерге тоскоолдук кылышына; депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүн чечмелөөгө, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келбеген дагы башка иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт.
2.4. Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарында катышууда депутат жыйынга төрагалык кылып жаткан адамга, жыйынга катышып отурган башка депутаттарга жана адамдарга кичи пейил, сылык-сыпаа жана сый мамиле көрсөтүшү керек. Депутат өзүнүн сөзүндө орой, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбошу, одоно сөздөрдү айтпашы, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө коюуга, билип туруп жалган маалыматты пайдаланууга, мыйзамсыз иш-аракетке чакырууга жол бербеши керек.
2.5.Шаардык кеңештин сессияларында депутаттар ишинин расмий мүнөзүнө шайкеш келген иш стилиндеги кийим кийүүгө тийиш. Шаардык кеңештин сессиясы жүрүп жаткан учурда уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
3-глава Шайлоочулар менен иштөө учурундагы депутаттык этиканын эрежелери
3.1. Депутат жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана мыйзамдарды сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө тийиш.
3.2. Депутат шайлоочулар менен байланыш түзүүгө, алардын кайрылууларын карап турууга, каттарына жооп берүүгө, жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзүүгө, жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүгө багытталган сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигине-мэрияга, коммерциялык эмес уюмдарга, шаар аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканаларга киргизип турууга тийиш.
3.3. Шайлоочулар менен жеке сүйлөшкөндө депутат профессионализмдин, ак ниеттүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн өрнөгүн көрсөтүүгө умтулушу керек. Депутат шайлоочулардын ишенимине татыктуу болууга, өзүнүн үлгүсү менен мамлекеттик тартипти чыңдоого, жарандык милдеттердин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3.4. Депутат шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө өзүнүн иши, анын ичинде жарандардын жеке кайрылууларына байланыштуу маалымат берүүгө милдеттүү. Мындай кайрылууларга жооп 14 календарлык күн ичинде берилиши керек. Депутат тарабынан шайлоочуларга берилүүчү маалымат толук, ишенимдүү жана объективдүү болууга тийиш.
4-глава Мамлекеттик бийлик, мэрия, ММБ, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгы, Кетмен-Төбө шаарчалык башкармалыгы жана кызмат адамдары менен өз ара иштешкен учурда депутаттык этиканын эрежелери
4.1. Мамлекеттик бийлик, мэрия, ММБ, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгы, Кетмен-Төбө шаарчалык башкармалыгы, башка юридикалык жактар менен өз ара мамилелерде депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын жеке максаттарда пайдаланууга укугу жок.
4.2. Депутат мамлекеттик бийлик, мэрияга, ММБга, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына, Кетмен-Төбө шаарчалык башкармалыгына, жергиликтүү башка юридикалык жакка депутаттык суроо-талап менен кайрылганда, депутаттык этиканын нормаларын карманууга тийиш.
4.3. Депутат шаардык кеңештин расмий бланктарын депутаттык суроо-талаптар жана мамлекеттин жана шайлоочулардын кызыкчылыктарын жетекчиликке алуу менен депутаттык ыйгарым укуктарды ишке ашырууга зарыл документтер үчүн гана пайдаланышы керек.
5-глава Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иштешкен учурдагы депутаттык этиканын эрежелери
5.1. Депутат колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында өз ишмердигинин маселелери боюнча чыгып сүйлөөгө укуктуу.
5.2. Депутат шаардык кеңештин же анын органдарынын (фракциялардын, туруктуу, убактылуу комиссиялардын) атынан, алардын ой-пикирин билдирүүгө расмий ыйгарым укук берилген учурда гана чыгып сүйлөй алат. Депутат фракциянын ой-пикирин эсепке албастан жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманышы керек.
Депутат өзүнүн жеке пикирин аны өзгөчө эскерткенден кийин гана билдире алат.
5.3. Депутат шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишине объективдүү баа берүүгө укуктуу. Депутаттын сүйлөгөн сөздөрү сылык, таразаланган жана фактыларга негизделген болушу керек.
5.4. Эгерде депутаттын ачык сүйлөгөн сөздөрүндө жана билдирүүлөрүндө жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлаган ой-пикирлер камтылса, депутат өзүнүн ой-пикирлери одоно же калпыс айтылганын ачык моюнга алып, мыйзамдарда башкача жагдайлар каралбаса, кайсы жарандын ар-намысына шек келтирсе, ошол жарандан кечирим суроого милдеттүү.
6-глава Депутаттардын шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери менен өз ара мамилелеринин эрежелери
6.1. Депутат муниципалдык кызматчылардын депутаттык ишке таандык маселелер боюнча өзүнүн профессионалдык ой-пикири болуу укугуна түшүнүү менен мамиле жасашы керек. Депутат шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери менен өз ара иштешкен учурда профессионализмдин өрнөгүн көрсөтүп, адилеттүүлүктүн, кең пейилдүүлүктүн үлгүсү болуп, моралдык-психологиялык жагымдуу климаттын үзүрдүү иштөө үчүн түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшү керек.
6.2. Аппараттын кызматкерлеринин иши шаардык кеңештин Регламентине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, дагы башка нормативдик укуктук актыларга ылайык депутаттардын депутаттык милдеттерин аткарышын камсыз кылууга багытталган.
7-глава Депутаттарга акчалай жана мүлктөй коюлуучу талаптар
7.1. Депутат өзүнүн статусун жеке максаттар үчүн пайдалана албайт жана өзүнүн объективдүүлүгүнө жана көзкарандысыздыгына шек келтирүүчү кырдаалдарга жол бербеши керек.
7.2. Депутат бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, Депутат депутаттык милдеттерди аткарууга залакасы тийбесе, илимий, педагогикалык, башка чыгармачылык иш менен алектене алат.
7.3. Депутат кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйакы алууга укуксуз.
8-глава Депутаттардын кызыкчылыктарынын кагылышы
8.1. Кызыкчылыктардын кагылышы деп депутат өзүнүн жеке кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди талкуулоого жана алар боюнча добуш берүүгө катышкан кырдаал же депутаттык ыйгарым укуктарды пайдалануу менен башка ар кандай пайда алууга алып келген кырдаал эсептелет.
8.2. Депутат материалдык сыйакы алып, кайсы бир маселени шаардык кеңеште өткөрүп кетүүнү сүрөөнгө албашы керек.
8.3. Эгерде талкууга депутат өзү кызыкдар болгон же мындан ары кызыкдар болушу мүмкүн маселе коюлуп жатса, ал бул тууралу шаардык кеңештин, депутаттык фракциянын, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналышына талкуу башталганга чейин билдирип коюуга милдеттүү.
8.4. Шаардык кеңештин депутаты өзүнө мамлекеттик жана муниципалдык орган жана кызмат адамдары тарабынан берилген кызматтык расмий маалыматты жеке пайдасы үчүн пайдалана албайт.
8.5. Депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун натыйжасында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, эгерде бул маалыматтар төмөндөгүдөй болсо, жарыя кылбашы керек:
- шаардык кеңештин, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жабык жыйналыштарында каралган маселелерге тиешелүү болсо;
- депутаттын жеке маселесин кароого байланыштуу шаардык кеңештин жыйналыштарында белгилүү болгон анын мыйзам менен корголуучу жеке турмушунун сырына тиешелүү болсо;
- шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушунун сырын камтып, шаардык кеңештин депутатына аны жарыя кылбоо шартында ишенип берилсе;
- мамлекеттик же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу дагы башка жашыруун сырды камтыса.
8.6. Депутаттык ишти жүзөгө ашырган учурда депутат шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү экенин жана мамлекеттик кызыкчылыктарды көздөй тургандыгын ар дайым эсинде тутушу керек.
9-глава Депутаттык этиканын эрежелерин сактабагандыгы үчүн моралдык жана тартиптик жагынан таасир этүүнүн чаралары
9.1. Депутаттык этиканын нормаларынын депутат тарабынан сакталышы анын жеке жана профессионалдык-ишмердик сапаттарына ар тараптан жана объективдүү баа берүү үчүн маанилүү элемент болуп эсептелет.
9.2. Депутат тарабынан ушул Кодекстин талаптарынын бузулушу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн демилгеси же туруктуу комиссияга келип түшкөн жазуу жүзүндөгү даттануу боюнча каралат. Туруктуу комиссия 30 календардык күн ичинде түшкөн даттанууга жооп берүүгө тийиш.
9.3. Шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы ушул Кодексти бузган адамга карата төмөндөгүдөй таасир этүүчү чараларды көрүүгө укуктуу:
- депутатка көпчүлүк алдында кечирим суроону сунуштоого;
- депутатка депутаттык этиканын нормалары менен эрежелери бузулган учурларды болтурбоо боюнча чаралар көрүлүшүн жана мындан ары мындай бузулуштарга жол берилбешин сунуштоого;
- депутаттык этиканын нормалары жана эрежелери экинчи ирет бузулган учурда туруктуу комиссия маселени тиешелүү депутаттык фракциянын жыйналышына же шаардык кеңештин сессиясына алып чыгууга;
- депутаттын жүрүм-турумун этикага ылайыксыз деп табууга;
Эгерде депутат көпчүлүк алдында өз убагында кечирим сураса, ал ушул пунктта каралган таасир этүү чараларынан бошотулушу мүмкүн.
9.4. Депутат тарабынан депутаттын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон, шаардык кеңештин беделин түшүргөн жосун жасалса, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы депутаттын татыксыз жүрүм-туруму тууралу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоочуларга маалымат берүүгө укуктуу.
Аппарат жетекчи | К.И. Нурматова |