Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 8/3-7
Кара-Көл шаарынын Пожарная көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын чечимин эске алып, Кара-Көл шаарында эмгек жолун баштап, саламаттык сактоого кошкон зор салымы үчүн М.Н.Нуржанованын элге кылган эмгегин баалап, элесин түбөлүккө сактап калуу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Пожарная көчөсүнүн атын Марийпа Нуржанова атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Пожарная көчөсүнүн атын өзгөртүүгө керектүү бардык чыгымдар өтүнүч берген тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы (Б.С.Ызаков ) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Өскөн уулу Калыбай) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |