Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 12/4-7
Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө” жобо өзгөртүүлөрү менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 11.12.2009-жылдагы XVсессиясынын №50/15-5 сандуу токтому менен кабыл алынган “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө” Жобо жокко чыгарылсын.
Төрага | К. Уметов |
| Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-жылдагы IV сессиясынын №12/4-7 чечими менен бекитилди. |
Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө
Жобо
I. Жалпы жоболор
II. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негиздери жана тартиби
III. Комиссиянын курамы жана структурасы
IV. Комиссиянын функциялары
V. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулунун белгилерин (регалийлерин) тапшыруунун жана сыйлоонун тартиби
Жалпы жоболор
1. Жарандардын шаардын жамаатына сиңирген көрүнүктүү эмгегин тануу, Кара -Көл шаарынын ийгиликтерин жана өркүндөшүн камсыздап, анын пайдасына багытталган жеке ( иш аракетин) ишкердигин сыйлоо максатында “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы уюштурулат.
2. Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы Кара- Көл шаардык кеңеши тарабынын Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке ыйгарылат жана кайра чакырылып алынышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын ээлеген адамга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку кызмат адамына, жергиликтүү администрациянын башчысына “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилбейт.
Көрсөтүлгөн кызмат ордун ээлеген адамга анын ыйгарым укуктарынын же ушул кызматынын мөөнөтү бүткөндөн алты айдан кийин “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилиши мүмкүн.
4. Соттолгондугу алып салынбаган же жоюлбаган адамга “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилиши мүмкүн эмес. .
5. “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилген адамга Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулунун ардак грамотасы, төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылат.
II. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негиздери жана тартиби
1. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негизи болуп саналат:
- көп жылдык эффективдүү кайрымдуулук, меценаттык ишмердиги;
- Кара- Көл шаарынын элинин жыргалчылыгы үчүн кайраттуу эрдик иштерин жасагандыгы;
- мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий ,маданий, чарбачылык , коомдук же башка ишмердиги менен Кара-Көл шаары жана Кыргыз Республикасы үчүн көрүнүктүү натыйжалуулук менен сиңирген эмгеги менен Кара- Көл шаарынын жашоочуларына кеңири таанылгандыгы;
- шаар структурасынын системасында(ишкана жана мекемелер) 20 жылдан кем эмес жемиштүү эмгегинин натыйжасында шаардын жашоочуларынын арасында узак мөөнөттүү, туруктуу жана кеңири таанымалдыгы жана шаардын мэри, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштегендиги, ошондой эле Кара-Көл шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышына шайланган депутаттыгы;
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары, Кара-Көл шаарынын мэриясы, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ишканалар, коомдук бирикмелер жана жеке жарандар Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө кайрылуу иретинде сунуштарды бере алат.
3.Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши , Кара-Көл шаарынын мэриясы “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө токтомдун долбоору иретинде сунуш киргизүүгө укуктуу
4. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө сунуштар депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешине жеке иретинде берилет жана ар бир талапкер (кандидатура) өз алдынча каралат.
5. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн сунуштар каралбайт.
6. Көзү өткөн кишилерге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунуштар каралбайт.
7. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселе депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамына талапкер тууралуу маалыматтар жалпы маалымат каражаттарына жарыялангандан эки ай өткөндөн кийинкаралат.
8. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө чечим депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында белгиленген өлчөмдөгү Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат жана депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин чечими токтом түрүндө чыгарылат.
9. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында шаардын күнүнө карата(шаардын юбилейлик даталарына карата) жылына бир гана жолу экиден ашпаган талапкерлерге берилет.
10. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени кароо жана чечим кабыл алуу наамга көрсөтүлүп жаткан адам болбогондо да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
III. Комиссиянын курамы жана структурасы
1. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча ишти уюштуруу депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши жана Кара Көл шаарынын мэриясынын “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө түшкөн сунуштарды жана материалдарды кароо комиссиясы жүзөгө ашырат.( мындан кийин комиссия)
2.Комиссия Кара-Көл шаардык кеңеши жана Кара Көл шаарынын мэриясынын жумушчу органы болуп саналат жана өзүнүн ишин ушул Жобого жана Кара-Көл шаарынын башка укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
IV. Комиссиянын функциялары
1. Комиссия:
- Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча сунуштарды кабыл алат жана карайт, ушуга байланыштуу документтерди жана материалдарды текшерет, керектүү учурда Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын алууга талапкерлер жөнүндө кошумча материалдарды жана маалыматтарды сурайт ( мындан кийин –талапкер, талапкерлер);
- депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кароосуна аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ишканалар, коомдук бирикмелер жана жеке жарандар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө токтомдун долбоорун даярдоо жана алып чыгуу же четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- ушул талапкерге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселе каралуучу комиссиянын отурумуна, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясына, керектүү учурда, талапкерди чакырат;
V. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулунун белгилерин (регалийлерин) тапшыруунун жана сыйлоонун тартиби
1. Кара-Көл шаарынын Ардактуу атуулунун грамотасы жана күбөлүгү Кара-Көл шаарынын мэри жана депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлат.
2. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын алган адамга Кара-Көл шаарынын Ардактуу атуулунун грамотасы, төш белгиси жана күбөлүгү салтанаттуу жагдайда шаардык кеңештин депутаттарынын, шаардын вице-мэрлеринин, коомчулуктун катышуусунда Кара-Көл шаарынын мэри жана депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан тапшырылат.
3. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулдарынын ысымдары Кара-Көл шаарынын Ардактуу атуулунун китебине хронологиялык тартипте киргизилет. Кара-Көл шаарынын Ардактуу атуулунун китеби депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинде ар дайым сакталат.
4. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулдары өзүнүн ысмы менен кошо алган наамын эл алдында колдоно алат.
5. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулдарына ардактуу атуулдун белгилери менен бирге орточо көрсөткүчтүн 10 эсе өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет.
5.1 Ардактуу атуулдарга берилүүчү акчалай сыйлык Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фондунан берилет.
6. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулдары Кара-Көл шаарынын мэри жана депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешин тарабынан мамлекеттик майрамдарга, Кара-Көл шаарынын унутулгус күндөрүнө жана майрамдарына жана башка маанилүү окуяларга арналган иш- чараларга чакырылат.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, сот жообуна тартылган учурда депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши жана мэрия наамдан ажыратуу жөнүндө маселени карайт жана шаардык кеңештин сессиясында бекитет.
Аппарат жетекчи | К.И. Нурматова |