Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 19/4-7
2016-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча шаардык бюджетте пайда болгон жоготууну республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген компенсациялык бюджеттик каражатты каржылоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин талабынын негизинде 2016-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча шаардык бюджетте пайда болгон жоготууну республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген 13 108,0миң сомдук компенсациялык бюджеттик каражатты каржылоо жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 11.04.17-ж. №.05-22/817 чыгыш сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин талабынын негизинде 2016-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча шаардык бюджетте пайда болгон жоготууну республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген 13 108,0миң сомдук компенсациялык бюджеттик каражатты каржылоо жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 11.04.17-ж. №.05-22/817 чыгыш сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда белгиленген 13 108,0миң сомдук компенсациялык бюджеттик каражат “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 44-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык №1 тиркемедеги иш-чараларга мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражат шаардык 2017-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |
| Тиркеме №1 Бекитилди: Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.2017-. №19/4-7токтому менен |
2016-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген 13 108,0миң сомдук компенсациялык бюджеттик каражатка мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүү программа, же "Өнүгүү бюджетиндеги" иш-чаралардын | |||||
РЕЕСТРИ | |||||
(миң сом) | |||||
№ п/п | Мекеменин аталышы | Иш пландын аталышы | Болжолдуу симеттик баалары | Эскертме | |
1 | ШММБ | Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына имарат курууга | 3 804,2 |
| |
2 | ШММБ | "Энергетик" маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоого | 2 856,6 |
| |
3 | ШММБ | Мэриянын 3 кабатындагы мэрдин бөлмөсү, мэрдин эсалуу бөлмөсү, кабылдама, 1 вице-мэрдин бөлмөсү, коридорду ремонттоо жана жарыктандыруу, 2 кабатта төраганын бөлмөсү, төраганын эсалуу бөлмөсү, аппарат жетекчинин бөлмөсү, кабылдама, коридор, жарыктандыруу, мэриянын кабаттарына көтөрүлүүчү дубалдарын сырдоо | 1 448,5 |
| |
4 | Мэрия | "Жазы Кечүү жайыт пайдалануучулар бирикмеси" Жайыт комитетине "Арис" программасы боюнча 3 800,0миң сомдук "Фронтальный погрузчик" техникасын сатып алууга шаардык бюджеттин үлүшу | 800,0 |
| |
5 | ШММБ | М.Сабиров көчөсүндөгү № 1жана 2 үйлөрүнө (звёздочка) жана Ленин көчөсүнүн №8 үйүнө балдар аянтчасын курууга | 500,0 |
| |
6 | Мэрия | Мэрияга эмерек, стенд, жалюзи ж.б материалдарды сатып алууга | 485,7 |
| |
7 | ШММБ | ММБнын балансында турган социалдык объектилерге жана ММБнын жумушчуларына иш куралдарын сатып алууга | 439,2 |
| |
8 | ШММБ | "Энергетик" маданият үйүнүн жанына балдар аянтчасын курууга | 403,0 |
| |
9 | ШММБ | Көк карагай сатып алууга (160даана х 2500сом) | 400,0 |
| |
10 | ШММБ | Ленин жана Масиров көчөсүнүн кесилишиндеги, Хуриевтин айкелинин тушундагы авто жолду асфальттоо жана шаар ичиндеги жолдорду жамоо иштерине ("ямочный работы") асфальт сатып алууга (70тн х 4000сом) | 280,0 |
| |
11 | ШММБ | "Энергетик" паркындагы "Веселые горки" атракционду капиталдык ремонттоого | 172,4 |
| |
12 | ШММБ | ШММБнын объектилерине техникалык шарттарды "Жалал-Абадэлектро" ААКдан алууга | 121,0 |
| |
13 | ШММБ | З.Серыйдин жана К.Хуриевтин айкелдеринин айланасын көрктөндүрүү максатында "Тянь-Шань карагайын" сатып алууга | 65,0 |
| |
14 | ШММБ | Токтогул ГЭСтер Каскадынын жанындагы жолду кеңейтүүгө ГСМ жана цемент сатып алууга | 252,4 |
| |
15 | ШММБ | Ак-Кыя 1 жана 2 көчөсүндөгү Жазы-Кечүү, Чакыр корум,Тамчы айылдарынын Кара-Суу дарыясынын тушундагы жээктерин бекемдөөгө | 1 080,0 |
| |
|
| Жалпы суммасы: | 13 108,0 |
| |