Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 25/5-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №18/4-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 18.05.2017-ж. №05-22/1159, 18.05.2017-ж. №05-22/1160, 22.05.2017-ж. №05-22/1184 чыгыш сандуу кайрылуу каттарындагы маселелерин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №18/4-7 сандуу токтомунун №2 тиркемесинде шаардык мэриянын социалдык-экономикалык программасында, же “Өнүгүү бюджетинде” бекитилген 6 445,2миң сомдук бош калган үнөм каражат иш-аракеттердин РЕЕСТРИнин 10-12 пунктундагы иш-чараларга №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.Д.) жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары |
К. Батыркулов |
| Тиркеме 1 Бекитилди: Кара-Көл шаардык кеңешинин“ 30 ” 05 2017-жылдагы №25/5-7 токтому менен |
Шаардык кеңештин 27.04.2017-ж. №18/4-7 сандуу токтомундагы “Өнүгүү бюджетинде” бекитилген РЕЕСТРдин 10,12-пунктундагы каражаттарга өзгөртүү киргизилген иш-чаралар.
(миң сом)
№ п/п | Мекеменин аталышы | Иш пландын аталышы | Болжолдуу симеттик баасы | Эскертме |
1 | ШММБ | ШММБнын карамагында турган обьектилерге ПСД даярдатууга | 500,0 |
|
2 | ШММБ | Мамлекеттик экспертиза кызматына | 5,0 |
|
3 | ШММБ | Архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматына | 100,0 |
|
4 | ШММБ | Кара-Көл шаарын жашылдандыруу жана көрктөн дүрүү иштерине | 72,0 |
|
5 | ШММБ | М.Сабиров көчөсүндөгү КР мамлекеттик символу-желеги орнотулган аянтчасына 3 даана КР желегин “Флагшток” сатып алууга | 42,6 |
|
6 | ШММБ | Мусулмандар мүрзөсүнө баруучу жолду салууга жана сел кетүүчү арыктарды калыбына келтирүү иштерине | 450,3 |
|
7 | ШММБ | Ак-Кыя 1 көчөсүндөгү насостун айланасын темир бетон тосмо менен тосууга | 200,0 |
|
8 | ШММБ | Ак-Кыя 1 көчөсүнө насос сатып алууга | 51,0 |
|
|
| Жалпы суммасы : | 1 450,9 |
|