Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 3
Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 01.11. № 8-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчикти башкаруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Нурунбетовдун муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын № 3– токтому менен бекитилген |
Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтчаларын ижарага берүү жана сатуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
1. Н.Назаров- Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
2. А.Курбаналиев- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
3. З.Сайфидинов- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
4. Э.Магаматкулов- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
5. С.Исраилов –Масы айылдык кеңешинин депутаты.
6. Акматбек уулу Тимурлан- Масы айылдык кенешинин депутаты.
7. А.Оморов- Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы, Масы айылдык кеңешинин депутаты.
8. О.Исакжанов- Ноокен райжермамкаттоонун өкүлү.
9. А.Саитова-Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
10. А.Нурунбетов-Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис.
11. К.Маматов- Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис.
12. Б.Раимбекова- Масы айыл өкмөтүнүн аялдар кенешинин төрайымы.
13. А.Тойчукулов- Масы айыл өкмөтүнүн аксакалдар кенешинин төрагасы.
Башкы адис | А. Нурунбетов |