Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 6
Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясы үчүн 2017-2019-жылдарга Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын кароо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген Масы айылдык Кеңешинин төрагасы ________________А.Э. Нарматов «__»___________2017-ж. |
2017 - жылдан тартып 2019- жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык - экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы
Масы айылдык Кеңеши
Ноокен району
Жалал-Абад облусу
Ушул документ Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы,айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жамааттык топтордун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыгып, ар бир айылда өткөн жыйындарда талкууланып, жактырылып, Масы айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилген.
ӨНҮГYYНYН КӨРYНYШY
1.1. Киришүү
2017-2019-жылга карата Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы айыл аймагынын, райондун жана республикабыздын аймагында иш алып барышкан айрым өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук уюмдардын, жамааттык топтордун, айылдык Кеңештин, жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан атайын жумушчу топ тарабынан айылыбыздын калкынын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып иштелип чыкты. Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы (мында ары карай Программа же Стратегиялык план деп да аташат) аймактагы бардык 5 (беш) айылда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда, айылдардын жана айыл өкмөттүн деңгээлинде өткөрүлгөн тегерек столдордо, жеке жарандар жана жарандык топтор, эмгек коллективдери менен уюштурулган ар кандай форматтагы жолугушууларда, кеңешмелерде кеңири талкууланып, маселелер аныкталып, приоритеттүү, артыкчылыктуу делген проблемалар тандалып алынгандан кийин жалпылаштырылып,, жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын сынына коюлуп, сессияда жактырылып, алардын сунуштары эске алынуу менен топтоштурулду.
Программа шарты боюнча негизинен айыл чарбасы, мал чарбасы, чакан жана орто ишкердик менен алектенген Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкан айылдардагы көп улуттуу Масы айыл аймагынын кайратман калкынын турмушунун деңгээлин көтөрүүгө, жашоо шартын жакшыртууга, аң-сезимдин жогорку чектерине жеткирүүгө, маданий жана руханий жактан асыл сапаттарга ээ болууга үндөөгө, бул калыс ниеттерди ишке ашырууга калктын өзүн толук мобилизациялоо аркылуу жетишүүгө багытталган. Анткени, акылман улуу элибиздин калган даана сөз бар “ Ырыс алды ынтымак” бүгүн социалдык мобилизациялоонун зарылдыгын учурдагы экономикалык абал, жада калса өзгөрмөлүү саясий кырдаал да толук шарттады.
Стратегиялык планда натыйжалуу эмгек, кирешелүү акыбет аркылуу жеке личносттун татыктуу жашоосун камсыз кылуу максаты коюлууда. Албетте акыркы мезгилдердеги элибиздин базар экономикасына таламдашкан интеллектуалынын жогору тепкичтерге улам-улам жогорулоосу, модерндешкен рынок шарттарын кабылдоосунун акырындап калыптанышы толук түрдө калкыбыздын жашоо-тиричилигинин оңолушүна жана жакшы жашоо нугуна жетишүүсүнө алып келээри айкын болуп калды.
Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана инвестициялык планын аймагыбыздагы регулярдуу онүгүүнү камсыз кылуунун тепкич-тепкич болуп, өргө карай жылуунун аракети катары бааласак болот. Башкача айтканда коомчулуктун этап-этабы менен өнүгүүсүнүн башаты-ушул план болуп эсептелет. Бул планды турмушка ашырууда атайын көп тармактуу иш-чаралардын матрицалары кабыл алынып, алардын аткарылышы тийиштүү структуралар аркылуу толук түрдө көзөмөлгө алганда гана максатка жетүүгө болот. Планда камтылган приоритеттүү проблемалар айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда талкууланып жана тастыкталып, топтоштурулуп, сессияда дал ушул Программаны аткарылышын камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамдары түзүлдү. Ал эми айылдык Кеңеш атайын токтом менен депутаттык жумушчу топтун курамын бекитти.
Көрүнүш.
Масы айыл аймагы – социалдык-экономикалык абалы мыкты, жарандык сектору өнуккөн, ынтымак-ырашкерликте жашаган, демилгечил жамааттык топтору, алтын колдуу дыйкандары жана төрт түлүк малды асылданта өстүргөн эли менен өзгөчөлөнгөн сыймыктанаарлык социалдык инфраструктурага ээ болгон, заманбаб спорттук, маданий курулуштарга эгедер болгон бак-шактуу көрктүү аймак.
АЙЫЛ кенеши жөнүндө жалПЫ МААЛЫМАТ
Географиялык абалы
Масы айыл аймагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун борборунда жайгашкан. Республикабыздагы дыйканчылык анын ичинде техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана мал чарбасын жүргүзүүгө шарты жакшы, ыссык айыл аймактарынын бири. Айыл аймагы күн чыгыш жактан Шайдан, күн батыш жактан Ноокен, түштүк жактан Арал айыл аймактары менен чектешет Ноокен районунун борборунан 0,5 км, ал эми облустун борборунан 55 км алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы 5 айылдан турат. Алар : Апыртан, Богот, Кызыл-Туу, Масы, Беш-Жыгач жана айылдык кеңештин депутаттардын саны 31. Калкыбыз негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен эмгектенишет.
Калктын саны : 24084
Кожолук саны: 4017
Райондук борборго чейинки аралык (км) 0,5
Облустук борборго чейинки аралык (км) 55
Социалдык – демографиялык маалымдамалар:
Калктын саны ( саны 24084 адам)
|
| Бардыгы (саны) |
| Жынысы: |
|
1 | Эркектер | 11753 |
2 | Аялдар | 12331 |
| Курагы |
|
3 | 0 -7 жаш | 2986 |
4 | 8 -16 жаш | 5298 |
5 | 17 – 65 жаш | 14209 |
6 | 65 жаш жана андан жогору | 1614 |
7 | Улгайган жалгыз бой адамдар | 36 |
8 | Толук эмес Yй-бYлө (атасы же энеси жок) | 220 |
9 | Толук Yй-бYлө | 3797 |
Жакырчылыктын деңгээли (Yй-бYлөөлөрдYн саны)
| Yй-булөөлөрдун жан башына алынган орточо кирешесинин деңгээли (бир айда) | Бардыгы (саны) |
1 | 0 - 810 сомго чейин | 469 |
2 | 811-1519,5 сом | 443 |
3 | 1520,5-2631,1 сом | 338 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1250 |
1.3.5. Окуучулардын саны – 3596, Мектепке чейинки билим алуучу балдардын саны - 2598
1.3.6. Медициналык мекемелерге кайрылган оорулуулардын саны - 738
Масы аймагын 2017-2019-жылдарга карата өнүктүрүү багыттары.
1-багыт. Билим берүү мекемелерин жана спорт аянттарын куруу менен жаштарга билим алуусуна шарт түзүүгө жетишүү.
Көйгөйлөр жана алардын себептери.
Масы айыл аймагында жалпы чогулуштарда жаштарга билим алуусуна жана спорт менен машыгууга шарт тузуу маселеси приоритеттуу болуп аныкталды.
Кызыл-Кыштак, Апыртан, Эски-Масы айылдары райондун борборунан 6-8-км алыстыкта жайгашкан. Айылдарда мектеп жок болгондуктан алыскы айылдардагы туугандарынын уйундо жашап окушат, себеби алар мектепке жакын жашашат. Ошол эле учурда ата-эненин тарбиясынан алыс болушат. Ал эми Масы айылындагы орто метептерге келип кетуусу бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ички жолдору начар абалда. Жол алыс, жоо бапы келишет, коомдук транспорт каттабайт. Жаан жааган күндөрү башталгыч класстардын окуучулары жолдун ылайдыгынан, карда мектепке барбай калышат. Жамгыр жана кар жааган кундору мектепке келгиче суу болуп келишет жана мектепте кийимдери суу болуп окушуп кайра уйлоруно баргандын кесепетинен балдар жана кыздар ооруп мектепке 3-4 кун барбай калышат. Окуучулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Кыш кундору кун кыска болгондуктан эртен менен жана кечинде карангыда коркон балдар жана кыздар бир топ азаптарды тартышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кызыл-Кыштак, Эски-Масы, Апыртан айылдарынын тургундары мектепке муктаж.
Масы айылында жаштар бош убактыларында спорт менен машыгууга шарттын жоктугунан, тамеки чегишет, уурулук кылышат, айылдагы терс корунушторго женил барышат. Спорт менен машыкпаган жигиттер жана кыздар медицина мекемелерине медициналык кызмат алууга коп барышат. Жаштар арасында ажырашуулар коп болуп жатат. Спорт менен машыккан балдар жана кыздардын ан-сезими жогору болот, себеби ден-соолугу жакшы, озуно окшогон жаштар менен маектешип коп маалымат алышат, сабырдуу болот, жаман жолдорго барбайт. Ата-энеси билишет балас кайсыл жерде спорт менен машыгып жатканын. Масы айылында спортту жакшы коргон, спорттук мелдештерди уюштурууга активдуу катышкан, спортту жакшы билген жаштар коп. Ошондуктан Масы айылына минифутбол аянтчасын куруу менен жаштар учун чон кам корулот. Жаштарга шарт тузуу максатында Масы айылында коомдук эс алуучу иш-чараларды откоруу учун айылдык маданият уйунун абалын жакшыртуу.
Масы айыл аймагында балдарды балдар бакчасы менен камсыздоо пайызы аз. Кызыл-Туу, Апыртан айылдарында балдар бакчалары жок. Мектепке чейинки билим берууну уюштуруу зарыл. Кызыл-Туу жана Апыртан айылдарына балдар бакчаларын куруу керек. Беш-Жыгач айылындагы балдар бакчасында имарат жетишпейт.
Негизги себептери:
Финансынын жетишсиздиги, жергиликтүү бюджеттин алсыздыгы.
Кызыл-Кыштак айылында орто мектептин жоктугу.
Масы айылында минифутбол аянтынын жоктугу.
Масы айылдык маданият уйуно казерок куруу.
Балдар бакчаларын куруу.
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- Активдүү жамааттык топтор - Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы - Калктын жамааташкан ишке болгон мамилесинин жогорку деңгээли -Айыл аймагынын жетекчилигинин бул багытты колдоп жатканы - Муниципалдык менчикти туура пайдалануу мүмкүнчүлүгү - Жергиликтүү калктын өзүнүн салымы. | - Айыл өкмөтундө көп улуттүү, жыш жашаган калк. - Донорлор менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгы. - Ишкер, колунда бар жарандардын айылды колдоого даярдыгы. -Жаңы-жумуш орундарын түзүүгө жана балдардын билим алуусуна шарт түзуп берүү. - Өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл буруу.
|
Иш-чаралар же долбоорлор
№ | Иш-чаранын мазмуну | Болжолдуу | Катышуучулар | ||||
коомчулук | ОМСУ | Жергиликтүү уюмдар | ДОНОР | Жалпы | |||
1 | Кызыл-Кыштак орто мектебинин курулушун аяктоо | 2017-2019-жж. | - | 1 320 000 | - | 1 500 000 | Сметанын негизинде |
2 | Масы айылына минифутбол аянтчасын куруу. | 2017-2019-жж. | - | 1 320 000 | - | 1 500 000 | Сметанын негизинде |
3 | Богот айылында электр мамыларын жана зымдарын алмаштыруу | 2018-2019-жж. | - | 500000
| - | 1500000 | Сметанын негизинде |
4 | № 4 “Алтын Бешик” балдар бакчасын ремонттоо | 2017-ж. | - | 2100000 | - | 4350000 | Сметанын негизинде |
5 | №24 Богот балдар бакчасына жайкы 2 даана беседка куруу | 2017-2019-жж. | - | 80000 | - | 320000 | Сметанын негизинде |
2-багыт. Айылдарды узгултуксуз электр энергиясы менен камсыз кылуу менен жарандардын жашоо денгээлин жогорулатууга жетишуу.
Көйгөйлөр жана алардын себептери.
Беш-Жыгач, Богот айылдарында жана жаны конуштарда калкты электр энергиясы менен узгултуксуз камсыз кылуу начар.
Себеби акыркы 25 жылдан бери жаны электр линиялары жана трансформаторлор курулган эмес. 1960-1970-жылдары курулган электр солбалары Беш-Жыгач, Богот айылдарында эскилиги жетип чирип кеткен. Жаана жааган кундору жана шамал болгон кундору адам омуруно коркунуч пайда кылат, себеби кулап кетуу коркунучу бар.Жаны конуштарда КТПынын кубатуулугу жетишпейт жана электр мамылары, зымдары жергиликтуу калк тарабынан сапатсыз, кооптуу болуп куралган. .
Негизги себептери
Финансынын жетишсиздиги, жергиликтүү бюджеттин алсыздыгы
Акыркы 40 жылдан бери электр мамылары алмаштырылган эмес.
Жаны конуштарда электр мамылары, зымдары талапка ылайык курулган эмес.
Тиешелуу органдар тарабынан жаны конуштарда трансформаторлордун орнотулбагандыгы.
Бул жаатта каражатын жоктугу, инвесторлордун келбегендиги жана ивестициянын жоктугу
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
Активдүү жамааттык топтор Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы -Калктын жамаатташкан ишке болгон мамилесинин жогорку деңгээли -Айыл аймагынын жетекчилигинин бул багытты колдоп жатканы -Жергиликтүү калктын өзүнүн салымы. | Айыл өкмөтүндө көп улуттуу, жыш жашаган калк Донорлор менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгы -Ишкер колунда бар жарандардын айылды колдоого даярдыгы - Тышкы миграциянын азайышы |
Иш чаралар же долбоорлор
№ |
Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мөөнөттөрү | Катышуучулар | ||||
|
|
| Коомчулук | ОМСУ | Жерги-ликтүү буюмдар | ДОНОР | Башкалар |
1 | Беш-Жыгач айылындагы электр мамыларын жана зымдарын алмаштыруу
| 2017-2019-жж. | - | 350000 | - | 1150000 |
|
2 | Богот айылында электр мамыларын жана зымдарын алмаштыру | 2017-2019-ж.ж. | - | 500000
| - | 1500000 |
|
3 | Жаны конуштарга электр мамыларын куруу жана зымдарды тартуу | 2017-2019-ж.ж. | - | 500000 | - | 3500000 |
|
3- багыт: Калкты ичимдик суу менен камсыз кылуу.
Көйгөйлөр жана анын себептери:
Калкты ичимдик суу менен камсыз кылуу начар.
Суу тутуктордун эскилиги жеткен. Ичимдик суунун булагы аз. Суу тутуктор чарбасынын материалдык-техникалык базасы жок. Каржылоо булактарынын жетишсиздигинен суу чарба ишканасында тийишту адистер жок.
Негизги себептер:
Каржылоо булактарынын жетишсиздиги.
Суу тутуктор чарбасынын материалдык-техникалык базасынын жоктугу.
Суу тутуктор чарбасынын укукттук документери тийиштуу денгээлде иштелип чыкан эмес.
Калктын ичимдик сууга болгон толомдорду оз убагында толобогондугу.
Суу тутукторунун жана жабдуулардын эскилиги.
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- Жергиликтүү калктын демилгеси | Райондун жана облустун борборуна жакын жайгашкан |
Жарандык сектордун алдынкы технологияларга болгон кызыгуснун жогорку денгээли | Суу тутукторун ремонттон откоруго жана жаны техникалар менен жабдуга донорлорду тартуга мумкулчулуктор бар |
- Айыл аймагынын жетекчилигинин бул багытты колдоп жатканы | -Масы айылынан белгилуу жарандар коп жана ар тараптуу материалдык комоктор корсотуп турууга мумкунчулуктор бар |
- Жергиликтүү калктын өзүнүн салымы | Информациялык жана ресурстук борборлордон кенеш алуу мумкунчулуктору бар |
- Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы |
Иш чаралар же долбоорлор
№ |
Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мооноттору | Катышуучулар | ||||
|
|
| Коомчулук | ОМСУ | Жерги-ликтуу уюмдар | ДОНОР | Башка-лар |
1 | Масы суу тутуктор чабасынын укуктук документерин жол-жоболоштуруу, компютер менен камсыз кылуу жана билинг системасын орнотуу.
| 2017-2018-жж. | - | 45000 | - | 70000 | - |
2 | Суу тутуктор чарбасын хлораторныйды ремонттоо | 2017-2018-жж. | - | 86300 | - | 474000 | - |
3 | Суу тутуктор чарбасынын адистерин окутуу. | 2017-2018-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
4 | Суу тутукторун жана жабдуларын ремонттоо же жанылоо. | 2017-2018-жж. | - | 500000 | - | 70000000 | - |
4-багыт. Ички каттамдардагы жолдорду ондоо.
Койгойлор жана алардын себептери:
Масы айыл аймагында ички жолдордун абалы начар.
Масы айыл айылындагы ички каттамдардагы асфальт жолдор акыркы 30 жылдан бери ремонтолгон эмес. Кызыл-Туу, Богот, Беш –Жыгач Апыртан айылдарындагы жолдорго шагал тошолгон. Жаандан, арык сууларынан жана убакыттын отушу менен начар абалга келген. Автоуна менен каттоодо кооптуу.
Негизги себептери:
Каржылоо булактарынын жетишсиздиги.
Ички жолдордун абалы начар.
Ремонтто учун атайын техникалар жоктугу,
Ички жолдорду кароо боюнча атайын ишкана жок
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- Жергиликтүү калктын демилгеси | - Донорлор менен иштешуу мумкунчулугу бардыгы |
-Жарандык сектордун алдынкы технологияларга болгон кызыгуснун жогорку денгээли | - Ишкер, колунда бар жарандардын айылды колдоого даядыгы |
- Айыл аймагынын жетекчилигинин бул багытты колдоп жатканы | -Айылды колдоо корсото ала турган белгилуу атуулдардын бардыгы. |
- Жергиликтүү калктын өзүнүн салымы |
|
- Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы |
|
Иш чаралар же долбоорлор
№ |
Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мооноттору | Катышуучулар | ||||
|
|
| Коомчулук | ОМСУ | Жерги-ликтуу уюмдар | ДОНОР | Башка-лар |
1 | Кызыл-Туу айылынын жолдорун ондоо | 2017-2019-жж. | - | 1100000 | - | 27000000 | - |
2 | С.Шерматов кочосундо ямочный ремонт иштери. | 2017-ж. | - | 1118523 | - | - | - |
3 | Богот айылынын ички жолдорун ондоо . | 2017-2019-жж | - | 350000 | - | 9000000 | - |
4 | Масы айылындагы Школьная кочосундо ямочный ремонт жургузуу | 2017-2018-жж. | - | 350000 | - | 9000000 | - |
5-багыт. Дыйканчылык жана мал чарбачылыгындагы асыл тукумдуулукка жетишүү.
Багытка жетуу жолу ички, тышкы проблемалар (тосколдуктар), алардын себептери.
Аймакта дыйканчылыкты онуктуруго шарт жакшы, айдоого жарактуу жерлерде негизинен техникалык жана дан эгинднои остурулот. Бирок майда чарбаларга болунуп сугат суу жетишпейт, анын ичинен Апыртан зоонасы алыс жайгашкан. Ондурулгон айыл продукцияларынын баасын арзан. Калк арасында ар кандай дыйканчылыктагы модернизациядан кабар жетишсиз. Ноу-хау дээрлик колдонулбайт. Электролинияларды тартып, жаны трансформаторлорду коюп скважина аркылуу суу чыгарууга каражатар жетишпейт. Айыл чарбасында иштеген техникалар эскирип жаныланууга муктаж. Мал, кой чарбасын онуктуруу учун тоют жана жем даярдоочу цехтер, дарылоо пунктары жок. Айыл чаба продукцияларын кайра иштетуу учун инвестицияларжы тартуу зарыл.Айыл чарбасы жаны техникалар, минералдык жер семирткичтери менен камсыз болсо алынган продукциялардын арзан болушу мумкун.
Коомчулук мал чарбачылкты онуктурууго тажырыйбасы бар.Мал остуруу учун табыгый жайытар коп .Албетте проблемалар да коп. Аймакта ветаринардык сервистин иши жакшы жолго коюлбаган. Каалагандай ваканиция кампаниясы откорулот, элдин кабары жок.Андыктан, ветеринардык сервистердиниши ачык болуусуна жетишуу керек. Дегеле дыйканчылык жана мал чарбачылыкты онуктуруу учун аймакта бир канча проблемалар кездешет.
Негизги себептери:
Каналдардын абалы начар, капиталдык ремонтко муктаж,жоготуу Апыртан зонасында коп болгондуктан арыктарды бетондош керек.
Жаны уроондун сорторун жетиширип беруучу чарбалардын аздыгы.
Малдардын асыл тукумдугунун томондугу.
Дыйканчылык жана мал остурууго берилген кредиттердин толом пайызынын коптугу.
Жетиштирилген тушумдун баасынын томондугу
Мамлекеттик колдоолрдун жоктугу
Малдардын арасында ар кандай ооруулардын кенири таралышы
Ветеринария тармагындагы мыйзамдардын калка жетпй жатышы
Жайытардын алыстыгы
Дыйканчылыктагы ар кандай илдетерди дарылоодо дары-дармектердин жетишпестиги
Жер семирткичтердин аздыгы,болгонуну сапаты томондугу
Аз тушумдуулук.
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- дыйканчылыкты онуктурууучун скважиналар бар | - Ондурулгон продукцияларды сатууда район жана областын борборуна жакын жайгашкан жана чон базарларга сатууга ынгайлуу |
- элдин колунда малдын башы кундон кунго осуудо | - дыйканчылыкты жана мал чарбачылыкты онуктурууго кредитер беу банктар бар |
- дыйканчылык жана мал чарбачылык боюнча элдин тажырыйбасы жетиштуу | -Айылды колдоо корсото ала турган белгилуу атуулдардын бардыгы. |
- Айыл чарба бонча адистер жетиштуу | - Уроончулук чарба бар |
- Ветеринардык кызмат корстуу боюнча адистер жетиштуу | - Дыйканчылыкты онуктурууго климат ото ынгайлуу, эки тушум алса болот,сугат жетиштуу болгон учурларда. |
Иш чаралар же долбоорлор
№ |
Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мооноттору | Катышуучулар | ||||
|
|
| Коомчулук | ОМСУ | Жерги-ликтуу уюмдар | ДОНОРЛОР | Башка-лар |
1 | Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу максатында уруктандыруучу пункт ачуу. | 2017-2018-жж. | - | 100000 | - | 1500000 | - |
2 | Ондурулгон тушумдорду жогорку баада сатууга жетишуу максатында жарандарга маалымат жеткируу. | 2017-2019-жж | - | 5000 | - | 100000 | - |
3 | Куносканаларды пайдалануну жайылтуу | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
4 | Арык каналдарды ремонттоо | 2017-2019-жж. | - | 500000 | - | 10 000 000 | - |
5 | Жайыттарды рационалдуу пайдалануу жайылтуу боюнча окууларды откоруу. | 2017-2019- жылдары | - | 5000 | - | 100000 | - |
6 | Тамчылатып сугарууну жайылтуу | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
7 | Сугат сууну эффективдуу пайдалануу боюнча окууларды отуу- | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
8 | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетуу боюнча чакан иш каналарды ачууга комок корсотуу | 2017-2019-жж. | - | 26250 | - | 700000 | - |
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлорду багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жургузуунун убактысы жана ыкмалары | Баа беруунун убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мооноттору |
1 | Айыл чарба багытындагы жер аянтарын агротехникалык эрежелер боюнча пайдалануу
| АО
|
Жаз айлары, комиссия менен жеринде текшеруу |
Тушум алуу мезгили |
Акт,протокол |
2 |
Айыл чарба эгиндеринин тушумдуулугн аныктоо |
АО
|
Тушум алуу мезгили, жеринде олчоо
|
Тушум жыйналып алгандан кийинки маалымат, апробиция |
Акт, протокол |
3 |
Уй жандыктарынын саны | АО
|
Жылдын жыйынтыгы менен мал санак жургузуу |
Саноо жолуу менен |
Атайын таблица менен |
6-багыт.Кичи жана орто бизнести онуктуруу
Багытка жетуужогу ички, тышкы проблемалар (тосколдуктар),алардын Масы айыл аймагында тегирмен, май жубаз жетишээлик, элдин муктаждыгы толук канаттандырат. Ондурулгон момо жемиштер жашылчалар кайра иштетуучу иш каналар жоктугунан арзан баада сатылып, элдин жашоо денгээлин жогорулатууга кедеги болууда. Кичи жана орто ишканалардын жетишсиздигинен негизги айылдын тургундары жумушсуздар. Жаштар арасында миграция кундон кунго осуудо.айыл чарба продукциялардын иштетуу учун, аларды пакетке даярдоочу чакан цехтер жок орто бизнести онуктурудо кредитер прцентик ставкалары жогору, май иштетучу цехтердин продукциясынын сапаты начар. Эшик терезе мебель жасоочу цехтер Масы айыл аймагында бар болгону менен жакшы жолго коюлган эмес.Курулуш материалдарына жарандардын талаптары жогору.Элдин талаптарын аткаруу учун жеке менчик секторун онуктуруу себептери бар.
Негизги себептер:
Кайра иштетуучу ишканаларды иштетучу тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги
Кайра иштетуу жана орто ишканаларды колдоо учун берилген кредитердин толом пайызынын жогорулугу
Коомчулуктун ичинде кайра иштетуучу ишканалар курууга жана жургузуго каражаты бар адамдардын ото аздыгы
Киреше алып келуучу ишканаларды колдоо учун донорлор тарабынан берилуучу кайтарымсыз грантардын сумасынын аздыгы
Чакан жана орто ишкерлерди колдоо боюнча нормативдик укуктук актылардын жоктугу
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- дыйканчылыктын жана мал чарбачылыктан ондурулгон продукцияны жетиштуу ондурулушу сапаты | - Аймактын районго жана областтын борборуна, Ош –бишкек жолуна жакын жайгашканы |
- Масы айыл аймагында кичи жана орто ишканаларды куруу учун имараттар жетиштуу | - Кичи жана орто ишканаларды жабуулар менен камсыздоодо ынгайлуу мумкунчулуктор бар |
- Кичи жана орто ишканар учун жумушчу кучу жетиштуу | - Ондурулгон продуктунун кардарлары бар. |
- кичи жана орто ишканалар учун жергиликтуу табыгый ресурстар жетиштуу | - Даяр продукцияларды сатып откоруу учун базарлар дукондор бар |
- Кичи ишканалар боюнча тажрыйбалуу ишкерлер жетиштүү |
|
Иш чаралар же долбоорлор
№ |
Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мооноттору | Катышуучулар | ||||
|
|
| Коомчулук | ОМСУ | Жерги-ликтуу уюмдар | ДОНОР | Башкалар |
1 | Жеке ишкерлерге жаны технологиялар жонундо атайын окууларды уюштуруу | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
2 | Масы айыл аймагында калкка акылуу кызмат корсотуучу ишканаларды ачууга комок корсотуу | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
3 | Кредиттер жонундо маалыматты жеке ишкерлерге жеткируу | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
4 | Орто жана кичи ишкердуулукту колдоо боюнча мамлекеттик програмаларды жана иш чараларды ишкерлерге жеткируу. | 2017-2019-жж. | - | 5000 | - | 100000 | - |
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлорду багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жургузуунун убактысы жана ыкмалары | Баа беруунун убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мооноттору |
1 | Кайраиштетуу онор жайына донорлорду тартуу
| АО, жамаат
|
Ар бир долбоор доярдалганда, байкоо аткарууга катышуу |
Долбоор ишке ашкандан кийин качалык |
АО отчет берет |
2 |
Айыл чарбасындагы эмес жерлерди тактоо |
АО,АК, Госрегистр, Архитектура
|
Ар бир долбоор даярдалганда, байкоо, аткарууга катышуу
|
Долбоорлор ишке ашкандан кийин канчалык денгээлде максатына жети |
АО отчет берет |
3 | Орто жана кичи ишканалардын санын тактоо | АО | Квартал сайын | Сандык корсоткуч | Атайын форма менен |
Масы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж.Эшенкулов
Жумушчу топтун курамы: Н.Назаров
Д.Акматова
А Кыргызбаев
Б.Ахмедов
А.Нурунбетов
А.Кожоева
Б.Райимбекова