Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 11-февралы № 34
Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 1998-жылдын 17-августундагы ПЖ № 254 Жарлыгына ылайык
Өлкөнүн коомчулугунун туруктуу өнүгүшүн жана социалдык коопсуздугун, калктын аялуу катмарын социалдык жактан натыйжалуу коргоону, жакырчылыктын жана жумушсуздуктун кескин кыскарышын камсыз кылуу, граждандардын экономикалык жана социалдык жигердүүлүгүнө дем берүү жана көмөктөшүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1998-2005-жылдарга жакырчылыкты жоюунун Улуттук "Аракет" программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия, курамы тиркелет) түзүлсүн.
Улуттук комиссиянын төрагасына Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруу, жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды уюштуруу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу боюнча бардык мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, коомдук уюмдардын ишин координациялоо функциясы жүктөлсүн.
3 Жакырчылыкты жоюу боюнча региондук бөлүмдөрү бар Улуттук фонд (мындан ары - Улуттук фонд) түзүлсүн, ага жакырчылыкка каршы күрөшүүгө багытталган бардык бюджеттен тышкаркы, анын ичинде жеке кайрымдуулук каражаттары топтолот.
4 Улуттук комиссиянын төрагасы бир айлык мөөнөттө:
- Улуттук комиссия жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Улуттук фондду түзүү жана анын уставын жана программалык документтерин иштеп чыгуу боюнча ишти уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө жер-жерлерде Улуттук "Аракет" программасын кеңири талкуулоону уюштурсун жана аны ишке ашыруу боюнча 1998-жылга иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- ар бир кийинки жылга Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын кеңири планын иштеп чыксын жана анын аткарылышын камсыз кылсын;
- бардык деңгээлдеги министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруу боюнча ишин координацияласын жана контролдосун.
6. Министрликтер, ведомстволор, областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу:
- Улуттук "Аракет" программасын түшүндүрүү жана аткаруу боюнча бардык жерде жана туруктуу түрдө уюштуруу иштерин жүргүзсүн;
- ар бир кийинки жылга Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруу боюнча иш - чаралардын планын иштеп чыксын жана анын аткарылышын камсыз кылсын.
- Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Улуттук комиссияга ар бир кийинки квартал үчүн отчет сунуш кылсын.
7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Указ жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы № 34 указы менен бекитилген |
КР Президентинин 1998-жылдын 17-августундагы ПЖ № 254 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ