Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1998-жылдын 17-августу ПУ № 254
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасында Жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указын аткаруу иретинде жана Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиянын тиркелген жаңы курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссия эки жумалык мөөнөттө Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук фонд жөнүндө Жобону бекитсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасында Жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указынын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиясынын курамы жөнүндөгү № 1 тиркемеси;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир указдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 134 Указындагы 1-пункттун төртүнчү абзацы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 17-августундагы № 254 Указы менен бекитилген |
Жумалиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Жангарачева М.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Абдимомунов К.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министри;
Адамбеков Д.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
Акназарова Р.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы банктарды кайра уюштуруу жана структурасын өзгөртүү боюнча Агентствонун директору;
Жээнбаев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Жээнбаева Б.Ж. - Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын аткаруучу директору;
Жээнбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты;
Жураев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
Исаев У.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы инвестицияларды тике тартуу боюнча мамлекеттик агентствонун директору;
Каниметов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты;
Карыпкулов А.К. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын президенти;
Касиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Кененбаева К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун төрайымы;
Койчуманов Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Рысалиев И.З. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;
Саспеков С.С. - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы;
Усубалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук комиссияга караштуу Улуттук фондунун аткаруучу директору;
Үчкемпирова Р.М. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы - министри.