Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 3
Масы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-ж иш планын бекитүү жөнүндө
Масы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Масы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А Нурунбетовтун 2016-жылы жайыт акы чогултуу жана 2017-жылга иш планы жөнүндө маалыматын угуп талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А Нурунбетовтун билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айылдык аймагына караштуу жайыттар үчүн 2016-жылы 90000 сомдук төлөм чогулгандыгы бекитилсин.
3. Масы айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга иш планы
«Жайыты кыйыр пайдалануу» пунктундагы бак тигүүгө урусат берилбесин, ЖКнин төрагасы менен келишим түзүп чөп чабык катары пайдаланууга берилсин жана бюджети киреше 92200сом жана чыгашасы 92200сом бекитилсин.
4. Масы айыл аймагынын жайыт комитетини жайыт билет берүү үчүн мал башына жайыт акысы уй жана жылыкга -100сом, жаш малга -70сом, кой-эчкиге-25сом бекитилсин.
5. Масы айыл аймагындагы жайыт комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А Мамытовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| Масы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-майындагы № 3 -токтому менен бекитилген |
Масы айыл аймагындагы жайыт комитетинин курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн.
Нурунбетов Алимидин- жайыт комитетинин төрагасы.
Кыргызбаев Абдимиталип- жайыт комитетинин орун басары.
Маразакова Жайлоокан-жайыт комитетинин катчысы.
Мүчөлөрү:
Эшенкулов Жаныбек- Масы айыл өкмөтүнүн башчысы.
Нарматов Азамат- Масы айылдык кеңешинин төрагасы.
Алыкулов Орозбек- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Назаров Султан- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Шайымкулов Канатбек – Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Жусупбеков Бактыбек – Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Мамытов Адылжан- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Алимбеков Асанбай- Масы айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси.
Токтосунов Абдинаби- Масы айыл өкмөтүндө вет сервис башчысы.
Оморкулов Сабыржан- Масы а/ө Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы.
Умаров Эргеш- Беш-Жыгач айылынын тургуну.
Мырзакматов Адылбек- Масы айылд кеңешинин депутаты.
Сатылганов Жумали- Беш-Жыгач айылынын тургуну.
Мырзапаязов Акпарали- Кызыл-Кыштак айылынын тургуну.
Жайыт комитетинин төрагасы | А. Нурунбетов |