Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 17
Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы N 30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пункутуна ылайык жана Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевдин билдируусун угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркемеге жана бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2017-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү малга –мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
Кой-эчкилер - мал башына 12 ( он эки ) сом.
Жылкылар - мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
Жаш малдарга (тай-торпок)- мал башына 40 (кырк ) сом.
3. Сырттан келген кара мал, жылкы,кой-эчкинин шарттуу мал башына– 200 (эки жуз) сомдон белгиленсин.
4. Икчи жайытка сырттан келген мал- жандыктардын шартуу мал башынан 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө төлөм алынсын.
5. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. Жайыт акыдан түшкөн каражаттары биринчи кезекте жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана соц. камсыздандыруу взносторуна каржылансын.
7. АРИС долбоорунан бөлүнгөн каражаттын өздүк салымын каржылоодо атайын техника алуу учун 515000 (беш жуз он беш мин) сом айыл өкмөтүнүн салымы бекитилсин.
8. Жайыт мыйзамынын талаптарын аткарбай ,жайыт билетин албай жана узартпай жайытка чыккан жайыт пайдалануучуларга айып салынаары эскертилсин.
9. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар малын эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө тактаманы айыл өкмөтүнүн ветернария боюнча адисинен алуу жагы милдеттендирилсин.
10. Айыл аймагындагы малдан алынуучу салык жыл башындагы мал санак боюнча эмес ар бир атуулдун кармаган малына же жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын
11. Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш , транспорт энергетика масалелери “ боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Х. Каныбаев |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы №17 токтомуна 1-тиркеме |
Жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жайыт комитетинин бюджетин бекиттирүү | 1-2 квартал | Жайт комитетинин төрагасы |
2 | Мал жандыктардын эсебин тактоо | 1-квартал | Жайыт комитети Айыл башчылар |
3 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү | 1-квартал | Жайыт комитети |
4 | Жайытка баруучуу жолдорду ондоо | Дайыма | Жайыт комитети |
5 | ЖП жакынкы жайыттарга жайгаштыруу жана эмдөө иштерин жүргүзүү | Дайыма | Жайыт комитети,вет сервистер |
6 | Алыскы жайыттарга көчүрүү графигин жана маршурут түзүү | 1-2-квартал | Жайыт комитети |
7 | АРИС программасы менен иштөө | Дайыма | Жайыт комитети |
8 | Кара-Тарык айылындагы мал суугаручу акырын бүткөрүү | 2-3-квартал | Жайыт комитети, Кара-Тарык айылынын башчысы |
9 | Жайыт пайдалануучулардан жайыт акысын жыйноо | дайыма | Жайыт комитети |
11 | Жайыттардын абалын жакшыртуу | дайыма | Жайыт комитети |
12 | 2017-жыл жыйынтыгын чыгаруу | Жыл аягында | Жайт комитетинин төрагасы |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы №17 токтомуна 2-тиркеме |
БЕКИТЕМ
Жалпак-Таш айылык кеңешинин төрагасы
________________ Х.Каныбаев.
2017-жыл 23-май.
Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджети
№ | Чыгымдар | Саны | Иштеген айы | Баасы | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 6 | 6000 | 36000 |
2 | Бухгалтер | 1 | 6 | 4500 | 27000 |
3 | ЖПБ инспекторлорунун эмгек акысы | 5 | 6 | 1000 | 30000 |
4 | Камсыздандыруу төлөмдөрү 17,25% |
|
|
| 16042,5 |
5 | Ар кандай чыгымдар: -сапар чыгымы; -телефон; -транспорт; -конц.товар. |
|
|
| 30000 |
| Жайыт комитетинин административдик чыгымы |
|
|
| 139042,5 |
6 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
|
| 131910,07 |
| Жайыт комитетинин жалпы чыгымы |
|
|
| 270952,57 |
| Жер салыгы | 4781 га |
|
| 79047,43 |
| Жалпысы |
|
|
| 350 000 |
Жайыт комитетинин төрагасы | Т. Калыкбердиев |