Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/30
Эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, шаардык Кеңештин кызмат ордуна жашыруун, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын № 3-протоколунда белгиленген төрагалык кызматка талапкер тийиштүү добушту албагандыгын, төраганы шайлоо күнүн белгилегенге чейин төраганын милдетин аткарууну анын биринчи орун басарына тапшырууну талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин жана шаардык Кеңештин Регламентинин 3-главасынын 3.1. жана 3.5.пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын шаардык Кеңештин төрага кызмат ордуна шайлоонун натыйжалары боюнча № 3-протоколу бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрага кызмат ордуна талапкер Кимсанбаев Кабулжан Камилович шаардык Кеңештин депутаттарынын тийиштүү добушун албагандыгына байланыштуу шайлоо өтпөдү деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М.А. Сыдыков |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун
№ 3 ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 30-марты Кочкор-Ата шаары.
Отурумга катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
Кочкоров Макентай
Нышанкулов Абдилмурат
Маматкулов Сабыржан
Таштемиров Асилбек
Күн тартиби:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна талапкерлерге жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бюллетендердин эсептөөнүн натыйжасын угузуу жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча шаардык Кеңештин депутаты эсептөө комиссиясынын төрагасы Кочкоров Макентай.
1.шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 21 Жыйырма бир (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
2.Шаардык Кеңештин депутаттарына берилген шайлоо бюллетендердин саны.
21 Жыйырма бир (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
3. Жоюлган шайлоо бюллетендердин саны.
2 эки (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
4. Добуш берүүдө урнадагы шайлоо бюллетендердин саны.
19 Он тогуз (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
5. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны.
18 он сегиз (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
6. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны.
1 бир (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
7.
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шаардык Кеңештин төрагасы кызмат ордуна талапкерлер үчүн «МАКУЛ» добуштардын саны | |
Сан түрүндө | Жазуу түрүндө | ||
1. | Кимсанбаев Кабулжан Камилович | 9 | (тогуз) |
8. Талапкерге «каршы» добуш берген шайлоо бюллетендердин саны.
9 тогуз (сан түрүндө) (жазуу түрүндө)
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясы отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрага кызмат ордуна талапкер Кимсанбаев Кабулжан Камилович тийиштүү добуш албагандыгына байланыштуу шайлоо өтпөдү деп эсептелсин.
Токтомду бекитип берүү шаардык Кеңештин кезексиз V сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: _____________ М.Кочкоров
Эсептөө комиссиясынын катчысы: _____________ А.Нишанкулов.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: _____________ А.Тагаев.
______________ С.Маматкулов.
______________ А.Таштемиров.