Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 36/8-7
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2017-жылындагы 19-майындагы №01-1/565 сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиянын №3 протоколдук сунушунун негизинде Талас шаардык мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Талас шаарынын кезексиз сессиясында каралып, комиссиянын курамына Талас шаардык кеңешинин 10.04.2017-жылдагы №24/6-7 сандуу токтому менен бекитилген жобого ылайык киргизилген өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү А.Орунбаеванын ордуна сунушталган Г.Темирбекованын талапкерлиги колдоо таппай анын ордуна Талас шаардык “Союз Единения” өкмөттүк эмес бирикмесинин өкүлү Ю.А.Полунинаны киргизүү жөнүндө сунушту карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 9.02.2017-жылдагы №5/1-7 сандуу “Жерге укукту берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын жаны курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын төрагасына (Ч.Б.Мураталиев) комиссия курамы жума сайын өткөрүлүүчү отурумдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жеке өзү катышуу жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |
| ТИРКЕМЕ №1 |
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамы
Мураталиев Чынгыз Баймбетович-Талас шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Аскаров Анарбек Анаркулович- Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кенесариев Аалиакбар Абдрахманович-Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы
Мураталиев Артык Аширмамбетович-Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары
Боромбаева Кенже Калыгуловна- Талас район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары
Кыдыралиев Эмильбек Аманович- Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи
Сопалиев Майрамбек Керимбекович- “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
Полунина Юлия Александровна- “Союз Единения” өкмөттүк эмес бирикмесинин өкүлү
Сүйүнтбеков Айбек Озубекович-СДПК фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Аблабеков Памир Суеркулович-Республика фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Жусупбеков Адылбек Дөөлөтбекович-Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Момунбеков Нуркан Алтынбекович-Мекеним Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Атаканов Нурлан Чырбанович- Айкөл фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Боркеев Жаныбек Мойнокович- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси, “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын катчысы
Жооптуу катчы | А. Сариева |