Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 28-июну № 48/9-7
Талас шаарындагы Ж.Тагайбаев көчөсүндөгү жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинни 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы №633 сандуу токтому, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 20.04.2017-жылдагы № 29/6-7 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-04/811 чыгыш сандуу катынын негизинде,Талас шаарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Ж.Тагайбаев көчөсүндөгү жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпы суммасы 5226261 (беш миллион эки жүз жыйырма алты миң эки жүз алтымыш бир) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |