Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 11- сессиясы
2017-жылдын 11-июлу № 58/11-7
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмү,1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 10.07.2017-жылдагы №01-1/890 сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын жаны курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |
| ТИРКЕМЕ №1 |
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамы
Мураталиев Чынгыз Баймбетович-Талас шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Долдоев Марат Садыржанович- Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кенесариев Аалиакбар Абдрахманович-Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы
Мураталиев Артык Аширмамбетович-Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары
Боромбаева Кенже Калыгуловна- Талас район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары
Кыдыралиев Эмильбек Аманович- Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи
Сопалиев Майрамбек Керимбекович- “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
Сүйүнтбеков Айбек Озубекович-СДПК фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Аблабеков Памир Суеркулович-Республика фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Жусупбеков Адылбек Дөөлөтбекович-Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Момунбеков Нуркан Алтынбекович-Мекеним Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Атаканов Нурлан Чырбанович- Айкөл фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Рыскулов Рамисбек Жолдошбекович- Коомчулуктан
Боркеев Жаныбек Мойнокович- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси, “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын катчысы
Жооптуу катчы | А. Сариева |