Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4/7
Кең-Жылга айылындагы Жол-Жылга, Мукур участкаларындагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Жол-Жылга Мукур участкаларындагы Ажымаматов Жапар, Кыдыралиев Урматтын үйүнөн Умаров Алымжандын үйүнө чейинки аралыкты Калманбетов Убайдилда Тилебалдиевич атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Жол-Жылга Мукур участкаларындагы Ажымаматов Жапар, Кыдыралиев Урматтын үйүнөн Умаров Алымжандын үйүнө чейинки аралыкты Калманбетов Убайдилда Тилебалдиевич атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандары Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбек менен көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу боюнча келишим түзүлсүн.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |