КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2017-жылдын 10-февралы № 4/9
«Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчөнүн» жыйынтыгын чыгаруу боюнча
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2-заседаниесинин 2013-жылдын 16-январындагы №2/1 токтомуна таянып, Корул айылдык Кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1 пунктуна таянып, Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын тургуну Курамаев Чөмчөнүн, Тогуз-Булак айылынын тургуну Калдаров Кенжебайдын, Кең-Жылга айылынын тургундары Мырзаибраимов Нурландын жана Эргешов Эсендин үйлөрү «Үлгүлүү үй» деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго жана туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Маназаров |