Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/10
Корул айылынын чыгаан кызы Бокоева Бактыгүл Анарбаевнага Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5-заседаниесинин (2013-жылдын 16-январындагы №2/1 токтому менен Корул айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы) Корул айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-главасынын 3.1-пунктуна таянып, Корул айылына эмгеги сиңген, чыгаан ырчы кызы Бокоева Бактыгүл Анарбаевнага «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылынын чыгаан, таланттуу ырчы кызы Бокоева Бактыгүл Анарбаевнага Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон зор салымы жана талыкпаган көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, кичи мекени Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана ФЭБ башчы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |