Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-майы № 6/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүндө көчөлөргө ат койгон жарандар көчөлөштүрүүдөгү критерийлерди аткарбагандыгы үчүн, критерийдин негизинде көчөнүн атын кайтарып алуу жөнүндө

Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүндө көчөлөргө ат койгон жарандар көчөлөштүрүүдөгү критерийлерди аткарбагандыгы үчүн, критерийдин негизинде акыркы эскертүү берилсин.
2. Көчөгө ат койгон жарандар критерийдеги шарттарды аткарбаса көчөнүн атын кайтарып алуу жагы критерийдин негизинде каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |