Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 49/10-4
Токмок шаардык кеңеши мекемесинин Уставынын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 01.02.2017-ж. протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, 2009-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 21-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаардык кеңеши» мекемесинин Уставынын жаңы редакциясы, ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. «Токмок шаардык кеңеши» мекемесинин Уставы бекитилгендигине байланыштуу, «Токмок шаардык кеңеши» мекемеси кайра катталсын.
3. «Токмок шаардык кеңеши» мекемеси Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
4. Ушул токтом менен, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата жана мыйзамда белгиленген учурларда, тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
5. Ушул Токмок шаардык кеңешинин токтому Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында Мамлекеттик каттоодон кайра ѳткѳрүлгөндөн кийин массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2017-ж.06-февралындагы №49/10-4 токтому менен |
“Токмок шаардык кеңеши” мекемесинин
Уставы
Глава 1. Жалпы жоболор
Глава 2. Шаардык кеңештин компетенциясы
Глава 3. Шаардык кеңештин ишинин ачыктыгы
Глава 4. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
Глава 5. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
Глава 6. Шаардык кеңештин тѳрагасы жана тѳраганын орун басары
Глава 7. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Глава 8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
Глава 9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары
Глава 10. Депутаттык фракция
Глава 11. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен ѳз ара мамилеси
Глава 12. Токмок шаардык кеңешинин жана Токмок шаарынын мэриясынын өз ара мамилелери
Глава 13. Шаардык кенештин ишмердүүлүгүн каржылык камсыздоо
Глава 14. Шаардык кеңештин Уставына ѳзгѳртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Токмок шаардык кеңеши (мындан ары – шаардык кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет.
1.2. Шаардык кеңештин депутаттары өз иш-милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот. Чакырылыштын мѳѳнѳтү 4 жыл.
1.3. “Токмок шаардык кеңеши” мекемесинин Уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүн жана ишин жѳнгѳ салуучу, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.4. Шаардык кеңеш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн анын компетенциясына тиешелүү болгон маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ал чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдѳйт жана юридикалык жактын статусуна ээ.
1.5. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Устав тарабынан аныкталат.
1.6. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.
1.7. Шаардык кеңештин Уставы шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышынын тартибин, анын уюшулушу менен ишмердик маселелерин, шаардык кеңештин органдарынын түзүлүшүн, ошондой эле анын контролдоо ишмердигинин процедурасын жана тартибин аныктайт.
1.8. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулуктун, коллегиалдуулуктун, саясый көп түрдүүлүктүн жана көп партиялуулуктун, объективдүүлүктүн, депутаттар тарабынан маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылгандар катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.
1.9. Шаардык кеңештин депутаттары өз укуктары менен милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле ушул Уставда аныкталган кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.
Шаардык кеңеш ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Буюрмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмѳтүнүн Токтомдорун жана чечимдерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставын, ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.10. Шаардык кеңештин толук фирмалык аталышы:
кыргыз тилинде: “Токмок шаардык кеңеши” мекеме;
орус тилинде: Учреждение “Токмокский городской кенеш”;
1.11. Уюштуруучулук-укуктук формасы: мекеме.
1.12. Шаардык кеңештин мамлекеттик символикасы менен ѳзүнүн мѳѳрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен штампы, ошондой эле банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
1.13. Шаардык кеңештин юридикалык дареги: почта индекси 722200, Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Токмок шаары, Ленин көчөсү, 385, телефон (03138) 6-29-47, факс: (03138) 6-29-45.
2. Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамга ылайык, тѳмѳндѳгү маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына кѳзѳмѳлдү ишке ашыруу;
6) Токмок шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда, депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында, Токмок шаарынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү шаардык кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу;
11) шаардык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде, Токмок шаардык мэриясынын штаттык санын жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыздоону пайдаланууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйноого, ташып чыгарууга жана жок кылууга тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу орундары жана убактылары боюнча чектөөлөрдү, тыюу салууга чейин аныктоо, аза кызматтарын өткөрүү эрежелерин аныктоо;
16) сугаруу тармактарын, үйдүн жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу;
18) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. Шаардык кеңештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:
1) Токмок шаарынын мэрин шайлоо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте Токмок шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;
4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
3. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы
3.1. Шаардык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран шаардык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
3.2. Шаардык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
3.3. Шаардык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
4. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары.
4.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
4.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4.3. Шаардык кеңештин токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы кол коёт. Шаардык кеңештин төрагасы иш ордунда жок болгон учурда, шаардык кеңештин токтомдоруна, билдирүүлөрүнө жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
4.4. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген жана өз ыйгарым укугунун чегинде кабыл алынган токтомдору, менчик түрүнө карабастан Токмок шаарынын аймагында жайгашкан бардык мекемелер, ишканалар жана уюмдар, шаардык өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, Токмок шаарында жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
5. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
5.1. Шаардык кеңеш 31 депутаттан жана шаардык кеңештин аппаратынан турат (жооптуу катчы, башкы адис, жетектөөчү адис – 2 бирдик жана адис).
5.2. Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
6. Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары
6.1. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин көпчүлүк фракциясынын же көпчүлүк фракциясынын коалициясынын депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
6.2. Кеңештин төрагасы:
1) шаардык кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
4) ишти уюштурат жана кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
5) комиссиялардын ишин координациялайт;
6) Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарынын талапкерлигин, шаардык кеңештин сессиянда ачык добуш берүү менен шайлоо үчүн сунуштайт;
7) Токмок шаардык кеңешинин жооптуу кызматкерлеринин арасында милдеттерди бөлүштүрүүнү бекитет;
8) шаардык кеңештин жооптуу катчысынын көрсөтмөсү боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
9) шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
10) тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиянын чечими боюнча, шаардык кеңештин Ардак грамотасы жана Алкыш каты менен сыйлайт;
11) шаардык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
6.3. Шаардык кеңештин төрагасы катары ал Токмок шаарын мамлекеттик бийлик органдарында, сотто, коомдук уюмдарда көрсөтөт, жумушчу аппаратын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы тиешелүү кызматтарды жетектейт, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө укуктуу, ошондой эле буюрма, буйруктарды чыгарат.
6.4. Шаардык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга, мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө сунуштайт.
6.5. Шаардык кенештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
6.6. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы үчтөн көп эмес санда, коомдук башталышта кеңешчилерди, жардамчыларды алууга укуктуу.
6.7. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же шаардык кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
6.8. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
6.9. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү менен шайланат.
6.10. Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынат.
6.11. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары төраганын тапшырмасын аткарышат, ал жок болгон учурларда же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын милдеттерин аткарышат.
6.12. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта жүргүзүшөт.
6.13. Шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары, мыйзамдарда белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
7. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары шаардык кеңешке тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин Токмок шаарында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлөт.
7.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Шаардык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
7.3. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлөт. Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
7.5. Туруктуу комиссиянын жана шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча шаардык кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
7.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары шаардык кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.7. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши шаардык кеңештин Регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
7.8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, тажрыйбалуу кызматчыларды жана башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары Токмок шаарында жайгашкан уюмдар менен мекемелердин ыкчам-чарба иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
7.11. Шаардык кеңеш зарыл учурда, анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу же иликтөө үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп эсептелет.
7.12. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү алар түзүлгөндө аныкталат.
7.13. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү аларга жүктөлгөн милдеттер аткарылганда токтотулат.
7.14. Убактылуу комиссиялар, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары үчүн бекитилген тартипке ылайык ишмердигин алып барат.
8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү Токмок шаарынын экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук-маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
8.2. Токмок шаарынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет.
8.3. Токмок шаарын экономикалык жактан өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарыл болгон учурларда аларды шаардык кеңешке киргизет.
8.4. Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
8.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык кеңештин Регламенти менен берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8.6. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүлөрүнө тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Токмок шаарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары
9.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын отурумдарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болбогон шаардык кеңештин депутаттары катыша алышат.
9.3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер, комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле шаардык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан бирге даярдалып жана каралышы мүмкүн.
9.4. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан ачык добуш берүү аркылуу төраганы жана төраганын орун басарын шайлашат, аларды шаардык кеңеш ачык добуш менен бекитет.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон төрага жана төраганын орун басары шайланган болуп эсептелет.
Комиссиянын катчысы туруктуу комиссиянын курамынын ичинен анын отурумунда шайланат.
9.5. Туруктуу комиссияларды тийиштүү комиссиялардын төрагалары жетектейт. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш алдында жооптуу болуп, ага отчет берип турат.
Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиялары тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
9.6. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктар менен пайдаланышат.
10. Депутаттык фракция
10.1. Депутаттык фракция-шаардык кеңешке шайланган депутаттардын катарынан түзүлгөн шаардык кеңештин депутаттарынын биригүүсү.
10.2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (мындан ары - фракциялар). Шаардык кеңеште көпчүлүк деп, шаардык кеңеште фракциялык коалиция түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбү бар фракция же коалициялык фракция эсептелет.
Көпчүлүк фракциянын же коалициялык фракциянын курамына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп эсептелишет.
10.3. Депутаттык фракциялар тең укуктуулукка ээ.
10.4. Депутаттык фракция, фракциянын курамына кирүүнү каалаган депутаттардын чечими боюнча каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттык фракциясын түзүүгө укуктуу. Фракция шаардык кеңештин төрагасына фракциянын аталышын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен, депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арыз берет. Депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
10.5. Фракцияларды каттоо, анын түзүлүшү жөнүндө жазуу түрүндөгү кабар берилген күндөн баштап, эки жумушчу күндөн кеч эмес жүргүзүлөт.
10.6. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу.
10.7. Фракциянын жетекчиси төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
10.8. Регламентке ылайык катталбаган фракция, фракциянын укуктары менен пайдаланбайт.
10.9. Фракциянын иш тартиби жана фракциядан депутаттардын чыгышын, фракция өзү аныктайт.
10.10. Фракциялар ыктыярдуу түрдө коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар, фракциялардын макулдашуусу менен таризделет.
10.11. Фракциянын Токмок шаарынын мэрине талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
10.12. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүлөрдү жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыккандыгы жөнүндө билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештеги көпчүлүк статусу жоюлат.
- коалицияны таркатуу жөнүндө.
11. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилеси
11.1. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелери, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик бийликтин иш-милдеттеринин чегин ажыратуу принцибинин негизинде түзүлөт.
11.2. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
11.3. Шаардык кеңеш мамлекеттик бийликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
11.4. Аймактын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча, шаардык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын отурумдарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун өкүлдөрүн чакыра алат.
11.5. Жергиликтүү жамааттарга ар кандай кызматтарды ыкчам көрсөтүү жана натыйжалуу камсыздоо үчүн шаардык кеңеш мамлекеттик жана башка органдар менен биргелешип иштей алат.
11.6. Мамлекеттик бийликтер аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча дайыма шаардык кеңеш менен консультация өткөрөт жана талкуу жүргүзөт.
12. Токмок шаардык кеңешинин Томок шаарынын мэриясы менен өз ара мамилелери
12.1. Шаардык кеңештин жана Токмок шаарынын мэриясынын өз ара мамилелери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды бөлүү принциптеринин негизинде жүргүзүлөт, ага ылайык шаардык кеңешке жана Токмок шаарынын мэриясына шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен алардын компетенциясына берилген башка баардык маселелерди чечүүдө өз алдынчалыкка кепилдик берилет.
12.2.Шаардык кеңеш жана Токмок шаарынын мэриясы, ишкана жана мекемелердин ишмердүүлүгүнө, чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш тартибине, шаардыктардын турмуш тиричилиги менен байланышкан башка маселелерге жана эрежелерге тиешелүү өздөрүнүн токтомдорун жана чечимдерин бири бирине жөнөтүшөт.
12.3. Шаардык кеңеш Токмок шаарынын мэриясы менен бирдикте, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн ар кандай комиссияларды жана коомдук түзүмдөрдүн башка формаларын уюштура алышат.
12.4. Шаардык кеңештин жана Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, талаш маселелерди чечүү үчүн макулдашуу комиссиялары түзүлүшү мүмкүн.
13. Шаардык кенештин ишмердүүлүгүн каржылык камсыздоо
13.1. Шаардык кеңешти каржылоо, Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
13.2. Шаардык кеңештин атынан бюджеттик каражаттардын тейлөөчүсү болуп, биринчи кол коюу укугу менен шаардык кеңештин төрагасы эсептелет.
13.3. Шаардык кеңешти жюуда жана кайра түзүүдө акча каражаты, мүлкү, анын милдеттерин жабуу боюнча төлөмдөрдү эсепке албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган максаттарга жөнөтүлөт.
13.4. Токмок шаардык кеңеши салыктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыйлайык төлөйт.
13.5. Токмок шаардык кеңешинин өз алдынча теңдеми, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар, өз алдынча финансы-чарбалык ишти жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларында орнотулган мөөнөттө отчетторду берүүгө укугу бар.
14. Уставга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тартиби жана шаардык кеңештин ишинин токтотулушу
14.1. Ушул Уставга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу туруктуу комиссиялардын, же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин же көпчүлүгүнүн добушу менен киргизилген сунуштар, шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип, эң биринчилерден болуп каралат.
14.2. Уставды түшүндүрүүнү жана аны сактоону көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт.
14.3. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда токтотулат.
14.4. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтотулган учурларда, шаардык кеңештин иш процессинде пайда болгон баардык финансылык жана башка докуметтери, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана колдонулат.