Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 61/12-4
Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 14.03.2017-ж. чыг.№419/1-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №27/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын төрагасынын орун басары – Кусанов С.А. Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. чыгарылсын;
- Комиссиянын курамына комиссиянын төрагасынын орун басары болуп – Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Кошоев Н.Н. киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |