Загрузка документа…
(Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 61/12-4 токтомуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди)
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2016-жылдын 17-ноябры № 27/7-4
Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 03.11.2016-ж. кир.№ 293 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын төмөнкү жаңы курамы бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы -Чокеев К.К. Токмок ш. вице-мэринин м.а.;
Төраганын орун басары – Кошоев Н.Н., Токмок ш. ММБнын башкаруучусу.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыдырбаев А.Ю. – Токмок ш. шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башкаруучусу;
Дженишев С. А.-Токмок ш. мэриясынын башкы адиси-юристи;
Момункулов М.А. - Чүй-Токмок аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башкаруучусу;
Жусупов М.З. - шаардык кеңештин депутаты;
Нурдинов А.Р. шаардык кеңештин депутаты;
2. Токмок шаардык кеңешинин 05.03.2013-ж. №83/12-3 “Жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” жана 15.05.2014-ж. №113/15-3 “ Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |