ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 62/12-4
Токмок ш. негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын 14.03.2017-ж. чыг.№426 негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №12/4-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобонун, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 22-мартындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 29.08.2016-ж. №20/6-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамынан Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Чотбаев К.К. чыгарылсын;
- комиссиянын курамына Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Кошоев Н.Н. киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |