Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 43/12-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2016-жылдын 29-августу № 20/6-4
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун 2016-жылдын 05-августундагы чыг.№1354 негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №12/4-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобого, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-августундагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды, автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын төмөндөгү курамы бекитилсин:
1. | Эшимов А.Ж. | -комиссиянын төрагасы, Токмок ш. ММБнын башкаруучусу; |
2. | Карамурзаева М.Т. | -комиссиянын катчысы, Токмок ш. ММБнын материалдык бухгалтери; (добуш берүү укугусуз) |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
3. | Джоошбеков М.Б. | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
4. | Батырбек уулу Арнур | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
5. | Туратбек уулу Алишер | - Токмок ш. мэриясынын ЖЭӨ бөлүмүнүн коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана коммуналдык кызматтардын ишин координациялоо боюнча башкы адиси; |
6. | Исакова Э. | - Токмок ш. ММБнын башкы бухгалтери; |
7. | Жулжиев Т.А. | -Токмок ш. ММБнын капиталдык курулуш жана техкөзөмөлдөө боюнча жетектөөчү адиси; |
8. | Негизги каражаттарды эсептен чыгарып жаткан муниципалдык мекеменин же ишкананын жетекчиси | -ар бир мекеме, ишкана боюнча буйрук менен дайындалат; |
9. | Мекеменин же ишкананын башкы бухгалтери | -ар бир мекеме, ишкана боюнча буйрук менен дайындалат; |
10. | Муниципалдык мекеменин же ишкананын мүлккө жооптуу адиси | -ар бир мекеме, ишкана боюнча буйрук менен дайындалат; |
2. Мекемелердин, ишканалардын жетекчилери тарабынан, жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйрук чыгарылып, Токмок ш. ММБга буйруктун көчүрмөлөрү берилсин.
3. Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так жетекчиликке алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. ММБнын башкаруучусуна жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |