Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 3
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы №88 “Кара-Буура айыл аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча сунушталган тарифтерин бекитүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2014-жылдын 2-майындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында тиричилик катуу калдыктарын жыйноо, ташуу жана жайгаштыруу боюнча тейлөө кызматынын тарифин эсептөө Методикасын” бекитүү жөнүндө №123 буйругун жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында катуу жана суюк таштандыларды чыгаруу боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү менен макулдашылсын.
2. Жогорудагы салык эмес жыйындарды чогултуу ар бир айдын 10-числосуна чейин айыл өкмөтүнүн кассасына төлөнсүн.
3. Бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтүнүн алдындагы комуналдык чарбасы жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |