Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-январы № 6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 , 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 , 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (мындан ары – Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри) бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин 2015-жылдын 1-июлунан тартып жетекчиликке алышсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 , 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал- дык мекемелер | Муници-палдык кызматты көрсөтүү- нүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз) |
|
1 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
|
|
|
|
2 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
|
|
|
|
3 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
|
|
|
|
4 | Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
5 | Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
6 | Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
7 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
8 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
9 | Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
10 | Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз | |
11 | Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
12 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
13 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
14 | Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү | ЭКМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
|
15 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашпаган коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз | |
16 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акы төлөнөт |
Эскертүү: Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан көлөмдө көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
3) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.