Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 3
Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Үч-Булак айылынын туругуну Момбеков Жыргалбектин “Үч-Булак айылындагы БСРдин күн чыгыш тарабындагы аң-дөң болуп бош жаткан жерди өздөштүрүүгө берүү жөнүндө” кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 катар сандуу “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүүнү жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 катар сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (транформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобону жетекчиликке алып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын №465/3,1 чөйрө сызыгында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз дөң-сай, рельефи тегиз эмес абалдагы жалпы аянты 1,0га жайыт жер участогу жайыт жерлер категориясынан сугат жерлер категориясына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |