Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 17-июну № 306
Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү жөнүндө маселени кароо компетенциясына кирген тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобонун талаптарын катуу сакташсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | И.Чудинов |